Быйыл жаз кургакчыл болгондуктан Токтояндын айдоо жерлериндеги эгиндер начар абалда

image

Беденин абалы

Июндагы жаан-чачынды Токтояндыктар катуу кубануу менен кабыл алышты. Жазгы  айлар кургакчыл болгондуктан айдоо талаалар саргайа баштаган.

Былтыркы жылга караганда быйыл жаан-чачын аз болуп, айдоо жерлери кургап, дан өсүмдүктөрү жабыр тарта баштаган.

«Күн ысык болуп, эгиндердин өсүүсү жай болууда. Негизинен эгиндерди эрте сугарыш керек болчу»,-деди дыйкандардын бири Нурлан Маматкулов.

image

Нурлан Маматкулов

Кургакчылыктан Нурлан Асангазиевдин дагы талаалары жабыр тарткан.

«Мен негизинен арпаны көп сепкем. Кургакчылык болгондуктан арпам саргайып кетти»,-деди ал.

image

Арпа

Айылдагы 1200 га айдоо жердин 910 га кайрак жер. Ал эми кайрак жердин түшүмдүүлүгү жаан-чачынга байланыштуу.

Айыл башчы эгиндери күйүп кеткен дыйкандарга жардам көрсөтүүлөрүн билдирди.

«Күйү кеткен жерлерге айыл өкмөт тарабынан жардам берилет — жеринин налогунан  1 жылга бошотулат», — деди айыл башчы Атабек Албанов.

image

Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов

Автору: Алишер Кудайбергенов, Гүлжан Нуркасым кызы,
“Жамааттык медиа”