Токойдогу суу алган булактын жанында акыр-чикирлер жылдан-жылга көбөйүүдө

Айылда суу түтүгүндө суу болбой калганда токтояндыктар сууну булактан алышат. Бирок акыркы кезде ал жерден суу алгандан чоочулап калышты.

image

image

Токтоян айылынын тургуну Асель Абдиева булактын  айланасы акыр-чикирге толуп кеткенин, бул көрүнүшкө нааразы экенин айтты.

image

“Акыр-чикирлерди көптөгөн адамдар ташташат.  Ошол булактан кайра эле суу ичишет. Ал ар кандай оорууларды алып келет, акыр-чикирлерди өрттөп салса же тазаласа жакшы болот деген ойдомун”, — дейт Абдиева.

Айылдын фельдшери Лена Орозбакова булактын жанындагы акыр-чикирлерден адамдар зыян тартышы мүмкүн  экенин билдирет.

”Кир суулар аркылуу  адамдарга  көптөгөн ооруулар таркайт. Мисалы: ич өткөк, ич ооруу сыяктуу  оорууларга алып  келет”, — дейт Лена Орозбакова.

Кейиткени акыр-чикирлерди таштаганга атайын  жерлер  бөлүнгөн  болчу.

image

“Айылдын ортонку жана жогорку бөлүгүнө Мусорлорду таштаганга берилген”, -деп билдирет Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов. Акыр-чикирлер ар кайсы жерлерге таштагандарга үч миң сом айым пул салынат дейт ал.

Бирок адамдар өзү жашаган жерин таза болуусуна кам көрбөсө, кандай гана айып пул болбосун, абал жакшы жакка өзгөрбөс.

Автору: Айганыш Адылбек кызы, Темирболот Оңолбеков,
Жамааттык медиа