Кожосу кыйындар кыйнап айылды…

“Зил” лыжа базасынын айынан айыл көтөрүлгөнү калды…

Ысык-Ата районунун Ичке-Суу жана Норус айылдары Бишкек шаарынан 30 чакырым жерде жайгашса да, таза суу, мектеп көйгөйлөрү башкы орунда. Айыл тургундары таза суу көйгөйүн өздөрү чечкенге өткөн. Июнь айында жерди казып, суу түтүкчөлөрүн улап, августта айылдан 3 чакырым ары жердеги булактан суу киргизишкен. Бирок казылган жерлерди көмгөнү келгенде “Зил” лыжа базасы менен келишпестиктер жаралган. Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери келип, эч түшүндүрбөстөн казылган жерлерди көмүп жаткан 62 жаштагы тракторист Медербек Токторбековду кармап кетишкен. Талаада калып калган трактору тонолуп кеткен. Эми суу түтүкчөлөрү толук көмүлбөй, суук келсе тоңуп, айыл эли кайра суусуз калганы турат. Ал эми мектеби, салынганына 60 жылдан ашкан экен, азыр жараксыз абалда. Көйгөйлөр менен жеринде таанышып, Норус, Ичке-Суу айылдык кеңешинин депутаты Элзар Ниязалиевдин кебин, айыл тургундарынын арызын уктук.

– Элзар мырза, эки айылга суу киргизүү үчүн канча акча сарпталды? 

– Суу түтүкчөлөрүн курууга айыл өкмөтү 100 миң сом бөлүп берди. Айыл тургундары 100 миң сомдой чогултушту. Колдогон демөөрчүлөр чыгып, казуу иштерин кошкондо 500 миң сомдой акча каражаты сарпталды. Толук бүтүргөнгө дагы 500 миң сом сарпталат.

– Казылган жерлерди көмүү иши токтоп калыптыр го?

– “Зил” лыжа базасы биздин айылдын жайыт жерлери аркылуу мыйзамсыз электр карагайларын орнотушкан. Айыл өкмөтүнөн, айылдык кеңештен да эч кандай уруксат алышкан эмес. Өздөрүн өздөрү билишти. Бул маселени чечели деп комиссия түзүлгөн. Анан эле “Зил” лыжа базасынын эки электр карагайы жыгылып калат. Ошону шылтоо кылып, келген милиция кызматкерлери иштеп жаткан жеринен тракторист Медербек Токторбековду колун кайрып алып кетишет. Бир күн кармап, кечинде “Аламүдүн” базарынын жанына алып келип таштап коюшат. Ал айылга келсе трактор тонолгон болот. Жалпы чыгым 15 миң сомдун тегереги болду. Азыр суу түтүкчөлөрү көмүлбөй турат. Кыш болсо жакындап келет. Айыл өкмөтүнөн териштирүүнү сурангам. Азыр чалып, “Зил” мындан ары иштебей тургандыгын айтышты. Анысы чынбы-калппы, кыш келсе көрөбүз. Бирок чыгымды  ким толуктайт, чынын айтсам билбейм.

– Айыл тургундары эмне деп жатышат?

– Айыл эли маселе чечилбесе көтөрүлөбүз, барчу жердин баарына барабыз деп жатышат. Антсе, эки айыл элин тынчыта албай калабыз. “Зил” лыжа базасынын жетекчилери, бийликтеги колдоочуларына таянып жатабы, “Эч нерсе төлөп бербейбиз. Колуңардан келгенин кылгыла” деп коюшту.

– Алар таянган бийлик ким экен?

– Бири “Мадина” соода борборунун башкы директору, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов, экинчиси Кубатбеков деген генерал. Ушуларга таянып бизди тоотпой жатышат. Буларды РЭСтен келип өчүрө албай коюшту! Айылыбызда жарык өчүп жатса, бул жакка келсеңиз, ар бир электр карагайы жаркырап күйүп турат. Ал ал болсун, айылыбызга тиешелүү жайыттардын баарын казып салышты. Колдогондору күчтүү экен, эч нерсе кыла албай жатабыз.

Милиция бир күн кармаган, анан “Аламүдүн” базарынын жанына таштаган тракторист Медербек Токторбеков өзүнө байланыштуу окуяны мындай баяндады:

– Биздин айылдын башына бараткан жерде кум казып алчу карьер бар. Ошол жерге 30-август күнү өзүмө кум алайын деп баргам. Эки электр карагай кулап калыптыр. Мал кирип, ток уруп өлбөсүн деп жолду казып койгом. 3-сентябрда казылган жерлерди көмүп жатсам, Ысык-Ата РИИБнин балдары келип эч түшүндүрбөстөн алып кетишти. Ошол жолду казып карагайларды жыктың дешкенсишти. Түңкү 2лер чамасында кое беришти. Бир кызматкери унаасы менен “Аламүдүн” базарына таштап кетти. Жөө-жалаңдап, унаа тосуп отуруп үйгө таңкы 4тө жеттим. Жүрөгүм ооруп, кан басымым көтөрүлүп чыкты. Эртең менен араң, тракторго барсам, стартер, аккумулятор, генератор, башка майда тетиктери тонолуптур. Куюлган 80 литр майдан бир литр да калбаптыр. Жалпы 15 миң сомдун тегерегин зыян тартып жатам. Өзүм ай сайын 13 миң сомдон насыя төгөм. Колумда эки жаш балам бар. Ушул трактор менен күн көрүп жашачу элем, эми кандай кылам билбейм отурам.

P.S.Бул маселени дагы териштиребиз. Ысык-Ата РИИБи, эл айтып жаткан база колдоочуларынын пикирлерине орун беребиз.

 

Балдар шлакоблоктон салынган спортзалда окуп жатат

mektep1

Ичке-Суу жана Норус айылдарынын экинчи көйгөйү ушундай. Эки айылдын балдары курулганына 60 жыл болгон мектепте, 1997- жылдан бери айыл дүкөнүнүн имаратында окуп келишкен. Эски мектеп таптакыр жарабай калганда, 2014-жылы шлакоблоктон салынган спорт залды бөлмөлөргө бөлүп, окуучуларды ошол жакка көчүрүшкөн. Айыл старостасы Урмат Абировдун айтымында, мектепте жылуулук, электр энергиясы да жок.

– Мектепте учурда 123 бала окуйт. Эч кандай шарт жок. Балдар 1968-жылы салынган дүкөндүн имаратында билим алып келишет. 4-5 жылдан бери жаңы мектеп салуу боюнча долбоорлор жазылып жатат. Бирок алардын шарты боюнча бериле турган акчанын 30-40 пайызын айыл өкмөтү бөлүп бериши керек экен. Андай акча айыл өкмөтүндө жок да?! Эски мектебибиз жараксыз абалга келип, дубалдарынан жарака кетти. Балдарды басып калабы деп коркобуз. 2014-жылы Ысык-Ата районунан 1,5 миллион сом бөлүнүп спорт зал салынган. Ал дагы эптеп жатып бүткөн. Бирок шлакоблоктон салып койгондуктан ичи суук, жагымсыз жыт чыгып турат. Айла жок, ушул спорт залды мектеп кылдык. Электр энергиясы толук кирбегендиктен жарык да жок. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы “Дүйшөндүн мектеби” дал биздин мектеп. Кыш катуу болсо, тобокелге салып айла жок жараксыз эски мектепке көчүрөбүз да. Ал жакта куру дегенде меш жагып жылытса болот.  

Айыл тургуну Мар Алгожоев балдар ооруса да айла жок балдарды окутууга туура келет дейт:

– Мектептер суук, жылуулук жок. Балдар ооруса да айла жок окутууга туура келет. Мектепти жаап салалы дешсе, балдар башка жактарга барып окушпайт да. Балдарыбыздын билим албай калышын каалабайбыз. Суук, жагымсыз жыт чыкса да билим алышсын деп жатабыз аргасыз.

Норус жана Ичке-Суу айылдарынын тургундары бийлик өкүлдөрүнөн таза суу жана мектеп көйгөйүн чечип берүүнү суранышты. Эгер чечилбесе, нааразычылык акцияларына чыга тургандыктарын кайталап айтып өтүштү.

Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу