Жумушсуздуктун өскөнүнө эмне себеп?

Жумушсуздук ар бир адамды ойлондурган, кайсы өлкө болбосун кендирди кескен маселе. Кыргызстандагы күндөн-күнгө курчуп бараткан жумушсуздук көйгөйүн чечүү өкмөттүн милдетиби же ар бир атуул өз иш ордун түзүп алууга умтулуш керекпи бул туралуу аз да болсо маалымат топтоп, жооп издеп көрүүнү чечтик.

Жумушсуздук көйгөйү Кыргызстанды кеңири кучагына алгандыгы баарыбызга маалым.  Жумушсуздуктун саны жылдан жылга көбөйүүдө дейбиз, кыргыз өкмөтү аны азайтуунун үстүндө иштеп жатканын билдирүүдө. Бирок, натыйжалуу майнап байкалбайт.

Расмий статистикага таянсак, 2013-жылдын 1-декабрына карата жумуш издеп мамлекет органдарына каттоодо турган жумушсуз калктын саны 95,3 миң адамды түзгөн. Бул көрсөткүч 2012-жылдын тийиштүү күнүнө салыштырганда 1,3%га төмөндөгөн, катталган жумушсуздардын жалпы санынын 51,7% аялдар түзгөн.

2014- жылдын 1-октябрга карата республикадагы жумушсуздардын саны калктын 2,4 пайызын түзгөн. Мурдагы жылга караганда кайра жогорулаган.Жаштар, эмгек жана миграция министрлигине караганда өлкө калкынын саны 5 миллион 712 миң 900 адам болсо, анын экономикалык активдүү катмары 2 миллион адам. Быйыл жумуш берүү кызматында 96 миң жумушсуз жаран каттоого алынган, мекеме жыл башынан бери 38 миң адамга жумуш сунуштаган. Бир бош орунга 13 адам талапкер болууда. Демек маселе дагы эле оор бойдон калууда.

Кыргызстандагы жумушсуздуктун күндөн-күнгө оорлоп жатканынын себебин көпчүлүк эл өкмөттүн жаны жумушчу орундарды түзүү боюнча иштиктүү аракети болбой жатканын сынга алышат.

«Жумушсуздуктун көбөйүүсүнө мамлекет күнөөлүү деп ойлойм», -дейт Ош облусунун тургуну Батма айым, “Себеби совет мезгилинде элдин баары жумуш менен камсыз болуп, ал учурда завод, фабрика дегендерге иштешкен жана өкмөт аябай кам көргөн. Азыркы учурда алардын изи да жок. Алардын жоголушуна өкмөт күнөөлүү, ошолорду талкалап, жоготпой иштетсе болот эле да”.

Жаштарга иш жок болгондуктан Россияны, Казакстанда башка четөлкөлөрдү көздөй агылууда. Жумушсуздардын санын жогорку билими бар адистер да толуктоодо. Дипломун көтөрүп алып, даяр иш издеп жүргөн адамдарды көп көрөбуз. Ошондой жаштардын бири 23 жаштагы Умар өз оюн мындай бөлүштү:

«Мен Ош мамлекеттик университетти аяктаганыма 2 жылдын жүзү болду. Ошол убакыттан бери жумушсуздардын катарын толуктайм. Кесибим боюнча экономистмин, азыркы учурда өзүмдүн кесибиме байланышкан иш издеп жүрөм. Тилекке каршы эки айдан бери жумушка орношо албай келем. Жумушсуздук айынан чет жакка да чыгып иштеп келдим, ал жакта өз кесибим эмес курулуш тармагында иштедим. Бул жактан дагы жумуш таппасам кайра кетем».

22 жаштагы Майрамбек борбор калаабызга Ысык-Көл облусунан жумуш издеп келген. Ал мамлекетти, өкмөттү деле күнөөлөбөйт, жумуш таап алуу ар бир адамдын өз аракетине байланыштуу, даяр нерсени күтпөй жумуш орундарын өзүбүз түзүшүбүз керек. Майрамбек орто мектепти аяктаган соң ата-энесине жардам берүү максатында жумуш издеп борборго келип, курулушта иштеп жатат. Анын айтымында бул жашоодо акча чоң роль ойнойт.

«Мен өз убагында билим ала албаганымдын себеби да бул акчага байланыштуу болду. Азыр мен курулушта иштейм, айлыгым он күндө 10 миң сомду түзөт, эгер андан көп иштесем дагы көп болот. Биз бир бригада болуп иштейбиз, евроремонт кылабыз. Мен өзүмө жетишээрлик акча табам ошол акча менен ата-энемди да багам жана карындашымдын окуусуна да жардам берип турам өкмөткө догумду артпайм» -дейт  Майрамбек.

Майрамбектин оюнда Кыргызстанда иш жок деген болбойт, иш бар, бирок ошонун көзүн таап иштей албайбыз жана аракет кылбайбыз. Ошол эле Россиядан тапкан акчаны бул жерден деле тапса  болот.

Албетте Кыргызстанда жумушсуздарды иш менен камсыз кылган мамлекеттик органдар жумушсуздук менен күрөшүп келишет. Бишкек шаарынын калкты жумуш орду менен камсыз кылуу борборунун начальниги Гулмира Жакшылыкова буларга токтолду.

-Жумушсуз деген бул жумушу жок, бирок активдүү түрдө иш издеген адам. Азыркы учурда базарда отургандар деле жумушум жок,жумушсузмун деп эсептешет, бирок алар жумушсуз адам болуп эсептелинбейт. Жумушсуздук көбөйүп бара жатат деген ойлорго да кошула албайм, себеби бизде мугалим, тарбиячыларга жумуш орундары бар. Бизге жөнөкөй жумушчулар жетишпейт. Жумушсуздуктун келип чыгуусунун бир себеби жаштардын кесипти туура эмес тандагандыгында, -дейт Гулмира айым.

Узак убакытка жумушсуз жүргөн жарандардын абалы көбүнчө «жакырчылык, ден соолугунун начардыгы, билимдин жоктугу» менен түшүндүрүлөт. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ишке орноштуруу башкармалыгынын башчысы Аида Ажыкожаеванын айтымында жыл сайын жумуш орундарынын жармаңкесин өткөрүп турат. Жумушсуздар ар жылы 45 миң жумуш оруну менен камсыз болушат. Акыркы төрт айда 12 миң адам ишке орношкон. Ошого карабай саны өсүүдө.

Министрлик белгилегендей жумушсуздардын көпчүлүгүнүн билими жок болгондуктан быйыл 6 миң адам адистик алуу үчүн окууга жөнөтүлгөн. Негизинен, газ-электр ширеткич, айдоочу, чач тарач, компьютерге оператор, эсепчи, ашпозчу, тигүүчү, электромонтажчы жана тракторист адистиктери боюнча окуу жүрөт. Мындан сырткары, жаңы орундарын түзүүдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жумушсуз жарандарга чакан насыя берүү тажрыйбасы колдонулуп келет. Андай насыяларды 1800 адам алып, тигүү цехин, кичи-тегирмен жана тейлөө жайларын ачышкан. Бул көрсөткүч катталган жумушсуздарды азайтууга көзгө көрүнөөрлүк салым кошо алган жок.

Жумушсуздук көйгөйү Кыргызстандын эле баш оорусу эмес. Жыл сайын дүйнөдө ишсиз отурган жаштардын саны 40 млн адамдын тегерегинде болот. Мунун кесепети коомдогу коопсуздукка, дүйнө экономикасына, элдин социалдык абалына тиерин адистер айтып келүүдө.

Жумушсуздук маселеси өзгөчө Грецияны жүдөтүүдө. Миңдеген жумушсуздар көчө демонстрацияларына чыгууларын улантышууда. Грецияда жарыяланган эсепке ылайык өлкөдө июль айында жумушсуздар 25 пайызды түзөөрүн билдиришкен Ал эми жаштардын арасында жумушсуздук 50 пайызды түзгөн. Бул көрүнүш кайсы өлкө болбосун өтө кооптуу деп эсептешет серепчилер.

Алимбү Токтогул кызы