Партиялардын жаңы толкуну

Жакындап келе жаткан парламенттик шайлоого кызуу камылгалар башталууда. Буга саясый партиялардын альянстарды түзүп башташы, парламенттеги партиялардын шайлоо кодексине жана саясый партиялар жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип баштагандыгы далил. Себеби, парламенттик коалициядагы партиялар келечекте да парламентте калууга кызыкдар.

Эгерде мыйзамда каралган парламенттик шайлоого катыша турган партияларга тиешелүү критерийлер кабыл алына турган болсо, катардагы майда партиялар шайлоо укугунан ажыраары бышык. Ал эми Кыргызстандагы каттоого алынган партиялардын саны боюнча алдыда турат. Идеологиясы аныкталган, туруктуу электораты бар партияларды бирден санаса болот. Себеби, учурдагы саясый партиялардын бир тобу идеологиясына, программасына карап эмес, айтылуу бир лидердин айланасына чогулган активисттердин тобунан түзүлүп жаткандыгы жашыруун эмес. Кыргыздардагы тамырлашкан уруу-урууларга, жердешчиликке бөлүнүүсүнүн да чоң таасири бар. Чоң уруулардын чакырылган курултайларынын чечимдери мыйзамдан да чоң таасирге ээ болуп, аксакалдардын билдирүүлөрү жана көз караштары менен көп маселелер чечилип жаткандыгы анык.

Партиялар кадамын жаңы таштаган наристедей учурда олку-солку болуп термелип турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Акырындап бир нукка келип, эл өкүлдөрү эл алдындагы жоопкерчиликтерин сезишип, эл үчүн кызмат кылууга аракет кылып баштоосу үчүн канча убакыт коротоору белгисиз. Бул үчүн мыйзамды кабыл алууну эле эмес, анын аткарылышын да көзөмөлдөй турган милдетти Жогорку Кеңеш толук аткарып, өнүгүүнүн үстүндө талыкпай эмгектениши керек. Серепчи Б.Орунбеков: “ Саясый партиялардын өсүшүнө, өнүгүшүнө мамлекет тарабынан мыйзамдуу, моралдык жактан шарт түзүп берүү керек . Чыныгы атаандаштыктын негизинде гана партия эл алдындагы жоопкерчиликти сезип, ар кадамын жаза баспаганга аракеттенет, жалпы улуттук деңгээлге жетүүгө жан үрөйт” дейт.

Парламенттик башкаруу менен биз эч нерсеге жетише алган жокпуз, бизге президенттик башкаруу керек деген эл өкүлдөрү да жок эмес. Парламенттик системанын толук бутуна туруп, механизмдеринин ишке келиши үчүн бул убакыт аздык кылат, ал тургай коммунизмди куруу үчүн канча убакыт сарпталганын бардыгыбыз билебиз.

Кезектеги парламенттик шайлоолорду кемчилиги жок, кынтыксыз алып баруу үчүн Жогорку Кеңеш атайын милдеттерди алып, жаңылануунун үстүндө иштеп жаткандыгы маалым. Бул үчүн атайын процесстер ишке ашырылып, жарандардын биометрикалык маалыматын алууну жана шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап  жатышат. Мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилгендиги да маселе жаратышы мүмкүн, себеби баш мыйзамдын аткарылышына карама-каршы келген толуктоолорду дал ушул мыйзамдардан жолуктурса болот.

Ушуну менен таза шайлоого жол ачабыз деген сунуштар көп. Бирок, калктын активдүү эместиги, учурдагы турмуш көйгөйлөрү биометрикалык маалыматтан да зарыл болуп жатышы кейиштүү. Мурунку шайлоолордо ар тараптуу ыкмалар менен элди акчага көндүрүп койгон шайлоо күндөлүгү бул жолку шайлоодон канчалык деңгээлде айырмаланаары белгисиз. Практика маалымдагандай, шайлоого калктын 40-45 пайызы гана катышпаса, калганы ким болсо да эч нерсе өзгөрүлбөйт деген пикири менен шайлоого катышышпайт. Эгер биометрикалык маалыматы жок жаран шайлоого катыша албаса, канчалаган жарандар шайлоо укугунан ажырап калаары өзүнчө маселе. Ал эми 2015-ж шайлоого ат салышкан партиялардын парламентке өтүү мерчеми добуш берген шайлоочулардын 10% боло турганын эске алсак, шайлоо өнөктүгү курч мүнөздө өтөөрү талашсыз.

“Тренд” социалдык иликтөөлөр борборунун пикиринде, парламенттеги кээ бир партиялардын аброюнун төмөндөгөнүн, бул болсо келечектеги шайлоого кедергисин тийгизбей койбойт деген ойлорду билдирет. Келечектеги шайлоолордо ат салышууга даяр партиялардын саны бештен ашат деген пикирлер бар. Мисалы, “Бир бол”, “Эмгек”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар” жана “Өнүгүү”. Мындан улам, айрым партиялардын негиздөөчүлөрүнүн арасында азыртадан эле кайсы партия парламентке кирээрин сындашууда. Себеби, бул партиялардын лидерлеринин көбү атак-даңктуу адамдардан экенин эске алсак, азыртадан эле электораты менен акырын шайлоо оюндарын баштагандыгын билдирет. Бирок, элдин коррупцияга малынбаган, таза жаңы күчтөрдүн бийликке келишине ынтызар экендигин да унутта калтырбашыбыз керек.

Ал эми учурда “Бир бол, Бүтүн Кыргызстан” альянсын эске алсак, түштүктөн чыккан эң күчтүү партия болду деген пикирлер аз эмес. Эгерде, эми түндүктүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн бир партияны катарына кошо алган болсо, келечектеги парламенттик шайлоодогу эң орчундуу партиялардын бири болоору талашсыз. Бирок, кыргыздардын канына сиңген “беш кочкордун башы бир казанда кайнабаган” кырдаалга туш келишсе, лидерлердин амбициялары жеке сапаттарын жууп кете турган болсо, алдыда бизди дагы кызыктуу жагдайлар күтүп жаткандыгы белгилүү. Бул жерде белгилей кетчү нерсе, А. Мадумаровдун максаты президенттик башкарууну кайра алып келүү болчу. Бул пикиринин артында кандай максат жатат, аны да эске алуубуз керек. Себеби, эки партиянын максаты парламентке келип эле отуруп калуу эместир, келечекте президенттик шайлоо да жакындап келатканын да унутта калтырбайлы.

Дагы бир амбициялуу партиялардын бири “Замандаш”. Ушул мезгилге чейин “Замандаш” өзүн туруктуу партия катары көрсөтүп келе жатат. Мигранттардан түзүлгөн партиябыз дегени менен, негизги идеологиясы эмнеде экендигинен кабар аз. Себеби, жалгыз мигранттардын кызыкчылыгын коргогон партия деп айтууга болбойт, ал үчүн ассоциация иш алып барууда. Бирок, 4 жылдан берки шаардык, айылдык кеңештин шайлоолорунда 600дөн ашык орунттуу орундарга жетишип, ал тургай Ош шаарынын мэрин да бийлеп турган “Замандаш” үчүн келечектеги шайлоого катышуу парз. Ал эми учурдагы түштүктүк Р. Маманов аттуу коомдук ишмердин тең төрага болуп келиши партиянын түштүктөгү жагдайын бекемдеп жаткандыгын маалымдайт. Мурунку шайлоолордон тажрыйбасы бар партия ушул күнгө чейин электоратынан кол үзбөй, команда менен иш алып барып келиши жакшы көрүнүш.

Дагы бир орчундуу орунду ээлеген партиялардын бири “Эмгек”. Электоратын орто катмарлар деп эсептеген партиянын төрагасы А.Салымбеков, парламенттик шайлоого катышаарын партиянын съездинде эле билдирген. Келечектеги шайлоо лидердин көз карашында: “Азыркы кырдаалдан жаңы күчтөр гана чыгарып кете алат. Ошон үчүн биз жаңы саясый элитаны түзүүгө аракеттенип жатабыз. Дагы бир багытыбыз – мыйзамдуулук, ал мамлекеттин өзөгү, пайдубалы. Мыйзамды сактамайын күчтүү, укуктуу мамлекетти куруу мүмкүн эмес!” деген пикирине байланат. Ошол негиздүү учурда партия аймактык бөлүмдөрдү түзүү аркылуу электораты менен тыгыз иш алып барууга аракеттенүүдө. Бирок, серепчилердин ойлоруна таянсак, “Эмгек” партиясынын алсыз жери дал ушул электоратында болуп жатат . Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордогу тажрыйбаларын эске алышса, партия бир далай утушка ээ болуусу мүмкүн.

“Өнүгүү” партиясы учурда кулачын бүт республикага жаюу менен, активдүү иш-аракеттерди алып барууда. Түзүлгөнүнө аз убакыт болсо дагы, жергиликтүү кеңештерде орчундуу жеңиштерге жетише алды. Лидеринин түштүктүк жигит экенин эске алсак, өзгөчө кайсыл жерде күчтүү экендигин оңой эле баамдасак болот. Электоратынын көбү айыл-кыштак тургундары, себеби ушул мезгилге чейин айдап-түздөө иштеринде дыйкан, фермерлер арасында активдүү колдоолорду көрсөтүп келет. Социалдык маселелерди чечүүдө да партия бир катар алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Бул болсо элдин ишенимин бекемдейт. Бирок, бир кемчилиги саясый айдыңында кызуу кандуулук менен бир катар жаңылыштыктарды кетирип, бийлик тарабына колдоо таппай калуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, эч себеби жок М.Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы менен жакындоо аракети бийликке башынан эле жаккан эмес.

5 жыл ичинде кайсы партия кандай мүмкүнчүлүктөргө жетишти, коомго, мамлекетке кандай пайда алып келди деген суроолорго жооп алынат. Саясый элитаны курууга, жаңы саясый күчтөргө элдин суусап турганы айкын. Ошондуктан, саясый жаңыланууну каалаган Кыргызстандыктар рационалдуу көз карашта туура саясый партияларды тандап алуусу зарыл.

Махабат Жумагулова