Чек ара көйгөйү качан чечилет, салкын мамиле качан оңолот?

Ар кимдин туулган жери мисир деген кыргыздын макалы тегин жерден айтылбаса керек. Кичи мекеним, өрүкзарлуу Лейлектен кеткениме 20 жылдын жүзү болсо да, бүгүнкү күнгө чейин менин жүрөгүм илек-илек мекендеген лейлегимде. Колумда бийлигим, байлыгым жок болсо да, Баткен жергесинен чыккан таланттуу жаштарга моралдык колдоо көрсөтүп, адабий, маданий чөйрөгө аралашуусуна колдон келген жардамды аябайм. Жолдошум айтып калат, Баткен дегенди укканда баарын унутасың деп. Чын эле аялзаты, анан да энемин да. Баткеним менден жардам сурап, муктаж болуп турбаса да, өз жарыгымды тийгизгим келет.

Акыркы убактарда жумушума байланыштуу элимдин ички көйгөйлөрү менен жакындан таанышып жаттым. Лейлек району борбордон миң чакырым алыстыкта жайгашып, социалдык-экономикалык абал начар, ички жана сырткы миграция, жумушсуздук өтө күч. (Бүгүн эле Жогорку Кеңеште Баткендин 85% жаштары айылдардан чыгып кеткени айтылды.). Лейлектеги 70% айылдарда ичүүчү таза суу маселеси курч бойдон калууда. Эсил кайран союз куруп кеткен суу түтүктөрү чирип, керектен чыгып калганы качан. Айылдарда суу күнү 2-3 сааттан гана чыгат, ошол убакта алып жетишип калышын керек, болбосо каласың. Ушунун айынан балдар арасындагы инфекциялык оорулар көп катталып жатат. Сыртта XXI кылым болгону менен айрым жаңы салынып жаткан айылдарда электр энергиялары жок, суусу жок жашап жатышат. Бул маселелер боюнча жергиликтүү тургундар бир нече жолу Өкмөттөгү тиешелүү жетекчилерге кайрылышкан. Жообу бир эле, акча жок, бюджете таңкыстык деген. Коом күн сайын өнүгүп, алдыңкы технологиялар иштеп жаткан заманда, жогорудагыдай шартта, жаштар албетте, жашагысы келбейт да. Же иштейин десе жумуш жок, там салганга жер жок. Негизи, лейлектин эли абдан мээнеткеч, эмгекчил, чыдамкай калк келет. 4-5 сотых жерине эки жолу эгин эгишет бир жылда. Өзгөлөргө окшобогон, жазылбаган ички мыйзамдар бар, улуу-кичүүгө болгон мамиле, камкордук, таалим-тарбия, салт-санаа ж.б.

2014-жылдын январындагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардан улам чек ара бир канча күн жабылып турду. Натыйжада Сүлүктүдөн чыккан көмүр Тажикстанга сатылбай, карапайым эл банктардан алган насыяларын төлөй албай, жергиликтүү бийликтин казынасына салык түшпөй, олуттуу суммадагы зыян тартышты. Ал зяндын орду эч ким тарабынан толтурулган жок.

Ушул жылдын октябрындагы Лейлек районундагы Арка айыл аймагынын чек арасында Тажиктер менен болгон чыр-чатактардан кийин, атайын келишим менен бир айлык мөөнөткө Тажик тарап чек ара өтмөктөрүн (пункттарын) биздин аймакка ичкериге 800 метр жылдырып коюшкан. Келишим боюнча бир айдан кийин чыгарып кетиши керек эле. Бирок, Тажик тарап бүгүнкү күнгө чейин чыгарып кете элек. Эки тараптуу түзүлгөн келишимди одоно түрүндө бузуп турушат. Биздин бийлик тарабынан бул көрүнүшкө эч кандай натыйжалуу иш-аракеттер болгону байкалбайт. Же ич ара сүйлөшүп алган, жазылбаган мөөнөттөрү барбы, ким билет, айтор, азырынча абал баягыдай эле. Ушинтип отурсак, жерибизди кошуналар мыйзамдуу да, мыйзамсыз да түрдө акырындан басып алышат. Бир чарчы жер үчүн дүйнөдө не деген согуштар чыгып келген. Бизди, биздин бүгүнкү бийликти өзгөчө жерге, чек арага болгон салкын мамилебиз үчүн эртеңки муун кечирбейт. Биз жерибизди, элибизди душмандардан коргогон ата-бабаларыбыз дайыма сыймык менен эскерип келебиз. А биздин небере-чөбөрөлөрүбүз келечекте бизди кантип эстеп, кантип сыймыктанар экен???

Сайрагүл Дуулатова