ЕАЭБ жана кыргыз мигранттары

Учурда Россияда жана Казакстанда 1 млн го жакын кыргыз мигранттары эмгектенип келет. Алар негизинен курулуш, кызмат көрсөтүү жаатында иштешет. Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикте (ЕАЭБ) өз ишмердүүлүгүн толугу менен ушул жылдын май айынан тарта баштайт. Биримдик ишин баштагандан кийин Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз мигранттарынын эмгек ишмердүүлүгү ойлондурбай койбойт. Улуттук банктын берген маалыматына ылайык кыргыз мигранттары 2014-жылдын он бир ай ичинде 2 млрд 104,4 млн АКШ долларын Кыргызстанга которгон. Бул Кыргызстандын экономикасына чоң жардам болууда. Анткени бул сумма Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30 пайызына барабар.

Оруссия Федерациясындагы 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген мыйзам мигранттарга кыйынчылык жаратууда. Мыйзамдын негизинде ар бир чет элдик мигрант орус тили, Оруссиянын тарыхы боюнча сынактан өтүшү керек. Андан тышкары медициналык кароодон өтүп, патент алуусу тийиш. Бул мыйзамдын аркасында Борбордук Азиядан келген мигранттардын саны 70%га азайуда, дейт Оруссиянын Федерациялык миграция кызматынын башчысы Константина Ромадоновский.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу «Оруссиянын Миграциялык Кызматы патент алуу жана орус тили, Оруссиянын тарыхы боюнча сынак тапшырууда, миграциялык кызматтын кызматкерлери мигранттар акча талап кылып, кыйынчылык жаратууда, деп кыргыз мигранттары нараазычылыгын билдирүүдө, деген оюн айтып чыкты.

Башка мамлекеттердин мигранттарына салыштырмалуу кыргыз мигранттарынын укуктук абалы оңолот дегендер да жок эмес. Федерациялык миграция кызматынын чет элдик жарандар боюнча департаменттин башчысы Дмитрий Демиденконун айтымында: «ЕАЭБге киргенден кийин кыргыз мигранттары үчүн эмгек рыногу ачык болот. Белоруссия, Казакстан мамлекеттеринин атуулдары сыяктуу эле Кыргызстан мигранттары да буга чейинки талап кылган документтерден бошотулат» -дейт Дмитрий Демиденко.

Мындай шартта кыргыз мигрантарынын агымы көбөйүшү мүмкүн дегендер да жок эмес. Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов: «Миграциянын агымы күчөшү мүмкүн, себеби Кыргызстанга караганда Оруссияда жумуш орундары бар жана инвестиция тартууга да мүмкүнчүлүк болот» -дейт.

Бирок ушул тенденцияга карабастан Кыргызстан кандайдыр бир денгээлде өз аймагында жумуш орундарын камсыздоосу керек. Антпесе тышка кеткен адамдардын агымы токтобойт.

«ЕАЭБ өз ишмердүүлүгүн баштагандан тарта кыргыз мигранттары үчүн бул биримдиктеги мамлекеттерге кирип чыгуусу жана иштөөсү жеңил болуп калат», дейт Кубанычбек Идинов.

Анын ою боюнча, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери гидроэнергетика, газ өндүрүү тармагында иштеген кесипкөй адистерди даярдабай калган. Эми даярдаш талабы келип чыгууда, -дейт Идинов.

Анткени менен акыркы учурда мигрантар арасында болгон чуулгандуу окуялар кыргыз мигранттарын ойлондурбай койбойт. Мисалга Москва шаарында мигранттардын ортосунда болгон ызы-чуунун кесепетинен 2 кыргыз мигранты каза болуп, бирөө оор абалда оруканага жеткирилген.

Кыргызстан кыргыз жарандарынын четке чыгуу агымын токтотуш үчүн жаңы иш орундарын камсыз кылуусу керектигин айткандар арбын. Ал үчүн Кыргыз бийлиги өлкөгө инвестиция тартып, жаңы ишканаларды ачуусу кажет. Бул иштер азыркы учурда кандайдыр бир деңгээлде ишке ашууда. Аларды атасак, Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу үчүн Россиядан инвестиция тартылды. Кара-Балта жана Токмок шаарларында нефтини кайра иштүү заводдору курулууда, Түндүк-түштүк альтернативалык авто жолу курула баштады. Эгерде ушундай ири долбоорлорго каражат сырттан келип, жаңы жумуш орундары ачыла тургандай шарт түзүзүлсө, кыргыз мигранттары алыста каражат табуу үчүн сыртка чыгууларын азайтып, өз мекенинин өнүгүшүнө салым кошо алышмак.

Мирбек Сакенов