Аба булганып ден соолукка коркунуч туудурууда

загрязнение воздухаЭгерде мындан көп жыл мурун ата-бабаларыбыз дарттын ысык жана суук деген эки түрү менен гана оорушкан болсо, азыркы учурда оорунун саны көбөйүп андан башыбыз адашат. Ар кандай оорулардын келип чыгуусуна жана алардын күчөшүнө кандайдыр бир факторлор таасир этет. Акыркы учурда аба ырайынын дагы кескин өзгөрүшү адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратаарын ак халатчандар коңгуроо кагышууда.

Убакыттын өтүшү менен илим жана техника өнүгүп, биздин оюбузга келбеген жаңы ойлоп табуулар жана ачылыштар көп эле болуп жатат. Бирок, ал табылгалар жаратылышка терс таасирин тийгизип, адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратууда. Дегеним  климаттын өзгөрүшү кээ бир оорулардын күчөшүнө, кезегинде жаңы дарттардын пайда болуусуна негиз болууда. Ал эми «аба ырайынын бузулушу канчалык деңгээлде ден соолука таасирин тийгизет?» деген сурообузга жеке менчик клиникада мээрман айым болуп эмгектенген Тунук Абдыгазиева мындайча жооп берди. «Албетте, аба ырайынын өзгөрүүсү ден-соолукка өз кедергисин тийгизбей койбойт. Баарынан дагы жүрөк-кан тамыр жана бронхиалдык оорулар менен жапа чеккен жана ошондой эле таянуу-кыймылдоо аппаратынын патологиясы менен жабыркаган адамдар жана жаш балдарга курч таасирин тийгизет, улгайган курактагы адамдар үчүн дагы оор болот»,-дейт бизге берген маегинде.

«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо секторунун 2008-2015 жылдардагы климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптациялоо боюнча программасынын негизинде, климаттын өзгөрүүсүнүн калктын ден соолугуна тийгизген таасирин баалоонун корутундусунда, адам баласынын ден соолугу климаттык-метеорологиялык факторлордон болгон көзкарандылыгы бар экендиги аныкталган. Анын жыйынтыгында 2008-жылга салыштырмалуу учурда кан айлануу системасынын оорулары 49%га, дем алуу органдарынын оорулары 8,4%га, тамак сиңирүү органдарынын оорулары 6,6%га, жугуштуу жана мите оорулары 2,6%га, ошондой эле жаңы оорулардын пайда болуусу 9,2%га өскөндүгү маалымдалат»

Адам баласы жаратылыш менен тыгыз мамиледе, эгерде айлана чөйрөбүздө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо сөзсүз түрдө биздин организмибизге дагы коркунуч жаратуусу мүмкүн. Ошол эле учурда климаттын өзгөрүшүнө жана жаратылыштын бузулушуна көптөгөн жагдайлар себеп болот. Ал эми жаратылышка зыян алып келүүчү техникалар бизде көп эле. Анын сыңарындай атмосферанын булганышынын бирден бир себеби болуп авто унаалардан чыккан түтүн болуп эсептелет. Бизде болсо андай темир тулпарлар миңдеп саналат. «Мындан башка дагы кайсы факторлор климаттын өзгөрүшүнө алып келет жана ал өзгөрүүлөр канчалык деңгээлде адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратат?» мына бул суроолорго жооп алуу үчүн адистерге кайрылдык. «Ооба, азыркы учурда көп эле нерселер жаратылышка зыянын тийгизип жатат алардын бири өзүң  айткан автоунаалар болсо дагы башка мисалга алуучу нерселер көп. Айта турган болсом акыркы учурда кендердин казылуусу биздин жаратылышка эбегейсиз зыян алып келүүдө. Алар бизге акча тапканга жардам бергени менен биз табигый ресурстардан айрылып калуудабыз. Мындан сырткары өзүбүз эле чыгарган таштандылар, завод фабрикалардан чыккан түтүндөр да бүтүндөй жандуу жаратылышка терс таасирин тийгизүүдө»,-дейт Замир Байышуулу. Ал И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Биохимия факультетин аяктаган. Учурда ушул маселе тууралуу өз изилдөөлөрүн жүргүзүп жаткан чагы.

«Улам жаш өткөн сайын ден соолугуң начарлап, ар кандай оорулар туш-туштан чыгып аябай эле кыйналат экенсиң. Анысы аз келгенсип илгеркидей таза аба да жок, бул шаарга келгениме үч жылдын жүзү болуп калды. Акыркы күндөрү оору менен күрөшүп ооруканадан-ооруканага каттап жүрүп эле күнүм өтөт. Ал эми абанын булганышы ден соолука таасирин тийгизбей койбойт. Өзгөчө шаарда бир аз эле бассам күйүгүп абасына көнө албай койдум. Анан дагы кээде дене башым кычышып аллергия болом бул дагы таза эмес абанын натыйжасынан деп ойлоп калам»,- дейт жашы жетимиштерге таяп калган Бурулсун апа.

Биз адамдар акча үчүн далай нерсени кылат экенбиз. Керек болсо табият тартуулаган кооздукту өз колубуз менен жок кылууга да даярбыз. Бир жагынан жеңишке жеткенибиз менен экинчи жагынан уттуруп коюудабыз. Ал эми кандай болгон күндө да мамлекеттин байлыгы анын ар бир атуулу жана алардын чың ден соолугу эмеспи. Ошондон улам «Дени сак улут – күчтүү мамлекет» деп айтылып келет.

Бакыт Төрөгелди уулу