Окуу жайларындагы паракорчулук жана кайдыгерлик

63148ff7aeaeeb67a5fb9810b91Билим берүү, агартуучулук ар бир мамлекет үчүн маанилүү тармак катары саналат. Анткени көпчүлүк мамлекеттер өздөрүнүн өсүп-өнүгүшүн келечегин билим берүү тармагы менен байланыштырат. Өзгөчө бул тенденция жарды же өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде байкалат. Анткени коомчулуктун алдынкы катмары мамлекеттин, үй-бүлөнүн келечегин жаш муундун билим алгандыгынан көрүшөт. Кыргызстанда деле ушундай ой-тилек менен балдарын окутушат. Анткени менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн сапаты, студенттердин билим деңгээли, кесиптик даярдыктары ойлондурбай койбойт. Себеби бул тармакка өлкө бюджетинин 20 пайызы сарпталып, 200 миңдей студент билим алып келүүдө. Кыргызстандын студентеринин билим алуудагы коррупцияга себепкер болуу шарты жана мындай көнүшкө ким күнөөлүү деген суроо көпчүлүктү түйшөлтөт.

Эл аралык Трансперенси Интернэшнал (Transparency International) уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндөгү калктын 16 пайызы билим берүү тармагында паралыкка кабылышат. Кай бири мында билим берүү системасын күнөөлөсө, кай бири бул тармакта иштеген адамдарды күнөлөйт.

 

Борбор калаадагы Кыргыз-орус Славян университетинин студенти Азамат Ишеналиевдин айтымында: «Пара бербей койсоң болот, бирок ошого жараша окуш керек», -дейт.

Анын айтымында мугалимдер өз милдетин аткарып, сабагын өтүп, тапшырмасын беришет. «Айып студенттердин өздөрүндө, анткени студенттер сабактардын баарына катыша албай калат, окубайт, кечигет. Анан башка айла жок, акча берип бүтүрүшөт», -дейт Азамат.

Мындай ойго кошулбагандар да четтен чыгат. ЖОЖдордогу коррупцияга эки тарап тең күнөөлүү дегендер да жок эмес. Алардын бири Кыргыз Улуттук университетинин студентти Нурлан Абакиров мындай дейт: «Окуу жайлардагы коррупцияга, негизинен, эки тарап тең күнөөлүү».

«Менин оюмча күнөө мугалимдер тарабында 60 пайызды түзсө, студенттер 40 пайызга күнөөлүү. Анткени мугалимдер пара сурагандын четин чыгарышат, баа койбойт. Студенттерди моралдык жактан басып, анан айла жок студенттер акча беришет», -деп кошумчалайт Нурлан.

Өзүн Нурсултан деп атаган КУУнун студенти ЖОЖдордогу коррупция боюнча мындай дейт: «Өзүм такыр мугалимдерге пара берген эмесмин. Бирок андайларды көргөм жана коррупция бар деп айта алам. Мисалга курстук иштер 1000 сомго бүтүрүлөт, практика 2000 сом, 1-курста зачет койдуруш үчүн 5 алам десең 500 сом, 4 алам десең 400 сом, 3 алам десең 300 сом болчу. Азыр баалары жогорулап кетти, зачет койдуруу 500-600 сом, экзамендер болсо 800-900 сом болот».

Нурсултандын айтымында, сабактарда жок студенттер сессия башталганда быжырап келип калышат. «Мисалга бир студент таанышым Америкага иштегенге кетип жатат. «Мамлекеттик экзамен эмне болот?» десем, сүйлөшүп койдум дейт. Аны дагы сүйлөшүп койсо болот экен деп ойлоп койдум», -деп кошумчалайт Нурсултан.

Ал ортодо Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу өткөрүүдө. Министр ЖОЖдордогу коррупцияга каршы иш-аракеттерди күчөтүү керек экендигин, өзгөчө 2015-2016-окуу жылдарында студенттерди кабыл алууда коррупцияга жол бербөөнү тапшырды. 2012-2014-окуу жылдарында студенттерди кабыл алуу коррупция менен коштолгондугун баса белгилеп кетти министр айым.

Бирок бул көйгөйдүү жапа тырмак, биргеликте чечүүчү маселе экендиги айкын. Анткени билим берүү тармагында, өзгөчө ЖОЖдордо, коррупция – бул келечекти талкалап жаткан тымызын курал экендиги маалым. Анткени бүгүн акча берип тиешелүү билимин ала албаган студент өзүнүн кесибин мыкты аткарып, ошол тармакта иштей алат деп айтуу кыйын.

Биздин ЖОЖдо башынан эле коррупция жок деген ректорлордун бири Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев: «Абал ар бир ЖОЖдун саясатына байланыштуу. Эгерде ректор өз университетин коррупциядан таза болсун десе, кескин түрдө чара колдоно баштаса эле токтойт». Анын айтышында, ректорлор өздөрү проректор, кафедра жетекчилерине, декандарга жана катардагы мугалимдерге чейин көрсөтмө бериши керек. Аң-сезимди маданиятты, тарбияны да оңдош керек. «Педагог катары, маданияттуу адам катары коррупцияга жол бербешибиз керек», – дейт Алмаз Ибраев.

Маселенин манилүүлүгү талашсыз. Анткени ЖОЖдордогу коррупция бүгүнкү күндүн көйгөйү гана эмес, келечектин да көйгөйү десек болот. Чыгыш университетинин ректору А.Ибраев «Бул системага байланыштуу эмес, адамдардын өзүнөн болот. Мейли, азыркы билим берүү система болсун же советтик система болсун студенттердин өзүнө дагы байланыштуу», деп эсептейт. «Алыска план коюп, студент чыныгы кесипкөй болом десе, пара бербей эле өз аракетти менен диплом алууга жетүүгө болот. Кыскасы, диплом алсам эле болот деген ой-максат менен окубаш керек», -деп студенттерге кеңешин айта кетти ректор.

Кесибин билбеген 1000 студентти даярдагандан көрө, кесипкөй 100 адис даярдоо пайданы көбүрөөк берет. Ал үчүн мамлекет билим берүүдө сапатты жогорулатууну, студенттерге болгон талапты күчөтүүнү максат кылып, аны иш-жүзүнө ашырууга шарт түзүүсү абзел. Бул маселеге кайдыгерлик менен мамиле кылуу келечекке балта чабуу менен тең.

Мирбек Сакенов