Секелек кыздар эне болуу бактысынан эрте ажыроодо

Илгери өспүрүм секелек кыздардын эрмеги куурчактарга көйнөк тигүү болсо,азыркылар улутубуздун салтына туура келбеген жаш күнөөсүз жанды өлтүрүү, башкача айтканда “аборт” кылууну адатка айлантып алышкандай.

Учурдагы Кыргызстандын социалдык–демографиялык шартында “аборт” маселеси көйгөй жаратууда. Өтө актуалдуу суроо өспүрүм кезде бойго бүтүү. Өткөөл курактагы кош бойлуулук түшкө киргис коркунучтардын бирине айланууда. Расмий статистикага таянсак дүйнө жүзүндө жылына 12-16 жаштагы секелек кыздардын 5-10 пайызы кош бойлуулукка чалдыгышып, соңунда бул көрүнүш аборт менен аяктайт.

Иликтенген маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына миңге жакын мектеп окуучулары боюнан алдырса, расмий эмес маалыматтарда бул көрсөткүчтөрдүн саны мындан да арбын. Жок дегенде эле бейтепкананын гинекология бөлүмүнүн босогосун күнүнө 1-2 бойго жете элек кыз аборт маселеси менен аттайт.

Акушер-гинеколог Изабелла Асанова эрте жыныстык жашоонун башталышы инфекцияларга жол ачаарын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: “Бизге күнүнө болбосо да   16 жашка чейинки кыздар бойдон алдыруу маселеси боюнча көп кайрылышат. Бул көрүнүш өтө кооптуу. Себеби жаш организм эне болуу функциясына даярданып жатканда, бойдон алуу горманалдык тең салмактуулукту бузат. Бул учурда организимдеги гормондор кайра калыбына келүү үчүн 3-4 ай өтөт. Бирок кээде бузулган организм ордуна келбей калышы да мүмкүн, соңунда өспүрүм кыздар эне болуу бактысынан толугу менен ажырайт,”- дейт Изабелла айым.

Кыргызстандагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдоосу боюнча 2012-жылы 20 жашка чейинки кыздардын 1789у аборт жасатса, 2013-жылы 1642 өспүрүм бойдон алдырышкан. Аталган көрсөткүчтөрдүн 70 пайызы калоосуз бойго бүтүү болуп саналат.

Адистердин пикирин жалпыласак секелек кыздардын аборт жасатууларынын негизги себептери: эрте бойго бутүү туралуу маалыматтарга ээ болбогондуктары, коргонуу каражаттардан кабары жоктугу, жыныстык катнаштын эрте башталышы, ата-эненин кыздарга  жеткиликтүү көңүл бурбагандыгы болууда.

20 жылдан ашуун мектеп мугалими болуп эмгектенип келе жаткан Гүлмира Базаралиева ата-эненин тарбиясы өткөөл куракта канчалык деңгээлде роль ойноруу туралуу төмөнкүчө жооп узатты: “Илгери “кызга кырк уйдөн тыюу” берилип, тарбияга өзгөчө көңүл бурулаар эле. Азыркы тапта ата-эне баласы эмне менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билбейт. Биринчи орунга жумуш, акчаны чыгарып алышып, өз милдеттерин унутуп калышууда. Мектептен бизге да түшүндүрүү сабактарын өткүлө дейт, бирок биздин берген маалыматтар жетишсиз болот. Ошондуктан өзгөчө энелер кыздарына көбүрөөк тарбия бериши керек,”- дейт өз сөзүндө Гүлмира Базаралиева.

Секелек кыздын аборт кылуу чечимине келүүсүнө эркектердин жоопкерсиздиги, ата болууну калабагандары жана зордуктоолор себеп боло алат. Дал ушундай жагдайлардын бирине дуушар болгон Сокулук районунун тургуну А.М 9-классында боюнан алдырган тагдырын төмөнкүчө баяндап берди: “Жигитим менден бир топ жаш улуу эле. Боюмда болуп калгандыгымды айтканда, менден кол үзгөн. Алгач ата-энемден корктум, классташтарымдан уялдым, соңунда аборт жасаттым. Кийин кайра эле ошол жигитиме турмушка чыктым. Бирок балалуу боло албадык, жыйынтыгында эки айрылыш жолго түштук. Азыр болсо же окудан жок, же турмуштан жок ара жолдо калдым,”- дейт көзүнө жаш алган А.М

Мусулмандардын диний башкармалыгы бул көйгөйдү калктын сексуалдык маселелерге жеткиликтүү маани бербей келе жатканын айтышат. Алардын пикири боюнча мамлекеттик деңгээлде калкка диний маалыматтарды берип, тарбиялык негиздерин окутуп туруу зарыл.

“Шарият боюнча бойдон алдыруу киши өлтүрүүгө барабар кечирилгис күнөө. Өспүрүм кыздардын аборт жасаткан күнөөсү шариятта өздөрүнө жана дагы ата-энелерине да жазылат. Ошол себептен жаштарга түшүндүрүү иш чараларын мектептерде гана эмес, үй бүлөлөрдө да жүргүзүп туруу шарт,”-дейт мечит имамы Апсамат молдо.

Бойдон алдыруу маселеси юридикалык суроо болгондуктан өнүккөн өлкөлөрдө атайын мыйзамдар кабыл алынган. Ден-соолукка психологиялык жана физиологиялык коркунуч келтирбесе аборт жасатууга Испания, Щвейцария өлкөлөрү мыйзамдуу түрдө катуу тыюу салган. Түркия, Индия мамлекеттеринде болсо ата-энесинин, туугандарынын жана жолдошунун уруксатысыз бойдон алдырууга мүмкүн эмес. Эскерте кетсек көп мамлекеттерде аялдын ден соолугуна коркунуч туулган учурда гана абортко уруксат берилген.

“Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн бойдон алдыруусуна мыйзам чегинде тыюу салынган. Мыйзамга ылайык секелектердин бойдон алдыруусу ата-энесинин уруксаты менен гана ишке ашат .Эгерде бейтапканага бойго жете элек кыз аборт маселеси менен кайрылса, анда медицина кызматкерлери дароо милицияга маалымдоолору абзел,” – дейт өз ысымын атоону калабаган юрист.

Өспүрүм кыздардын бойдон алдыруусуна мамлекеттик деңгээлде олуттуу чара көрүлбөсө, ата-эне институту, мектеп жамааты бирге иштебесе бул көрүнүштү токтотууга мүмкүн эмес.

Таңчолпон Бакытбек кызы