Тикмечилик – күнүмдүк акча табуунун булагы

Түйшүгү тоодой кесиптин үзүрү

Кыргызстанда экспортко чыккан саналуу тармактардын арасында жеңил өнөр жайы орчундуу орунду  ээлейт. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянсак, өткөн жылдын декабрь айында өндүрүлгөн тигичүүлөрдүн продукциясынын көлөмү 368 млн. сомду түзгөн. Бул тармакта даярдалган кийим-кечелердин 90% экспортко кетип, “Легпром” ассоциациясынын билдирүүсу боюнча 150 миң адам расмий каттоодон өткөнү менен канча адам бул тармакта эмгектенери тууралуу так маалымат жок. Бирок патент алып, мыйзамдуу иштеп жаткан тигүү цехтеринен тышкары көмүскө иш алып баргандардын саны арбын.

Тикмечилик – күнүмдүк акча табуунун булагы

Жеңил-өнөр жай, өзгөчө кийим тигүү тармагы экономикага жигердүү салымын кошуп эле тим болбостон,  көптөгөн адамдарды жумуш орду менен камсыз кылган тармак катары чоң мааниге ээ. Туруктуу иштегендерден тышкары сабактан кийин же каникул учурда иштеген студенттер, жогорку класстын окуучулары да бар. Бирок кийим тигүү цехтеринин бардыгы эле расмий каттоого турбагандыктан, бир топ көйгөйлөрдү жаратууда. Бул жалгыз эле мамлекеттин чөнтөгүнө зыян алып келбестен, тармакта эмгектенгендерге да өз кедергисин тийгизүүдө. Бишкектик Жыпар айым кийим тигүү цехинде 13 жылдан бери иштейт. Жалгыз бой эне 3 баласын цехтен тапкан маянасы менен багып келет. Айлыгы орточо эсеп менен жумасына 8000-12000 сом. Албетте, бул сумма Кыргызстан шартында канааттандыраарлык болгону менен, Жыпар айым үчүнкүнүмдүк жашоонун булагы. Анткени көп жыл “тикмечи” болуп иштеген адам ден соолугун начарлатат жана көбүнчө көмүскө цехтерде иштегендиктен, кийин пенсия алуу укугуна да ээ боло албайт деп эсептейт. Мындай адамдар борбор калаабызда миңдеп саналат. Алардын бири 5 жылдан бери тигүүчү болуп иштеп келе жаткан Айнура Сурманова аттуу айым. Ал: “Бул тармакта иштегенден бери эмгек китепчесин ачтыруу керектигин ойлонуп жүрөм. Жашым 47ге келди, пенсия жашына жакындап калдым. Азыр ачып бергиле деп, цехтин ээлеринен талап кыла баштадык. Күнүмдүк жашоо менен алышып, өзгөчө жаштар бул маселе тууралуу такыр ойлонушпайт, биз да карыйбыз, келечегибизди ойлойлу, деп чогу иштешкендерге айтып жатам”, дейт. Тигүүчүлүктөн тапкан акчасына там салып, машина алып, бутуна турган жарандар да бар. Бирок көбүнчөсүнө туруктуу бир цехте иштөө кыйын. Анткени жумушчулардын бири иш берүүчүгө жакпай калса, аны бат эле жумуштан алуу аракетин көрө баштайт. Бул иш берүүчү менен тигүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелерди Эмгек кодексине ылайык мыйзамдуу жолго коюу керек экендигинин далили. Анткени жумуштан айдалган эч бир тигүүчү укугун коргоо максатында кайрылган фактыны жолуктуруу кыйын.

Эмгек китепчесинин мааниси

Бишкек шаарынын “Ак-Тилек” жаңы конушуна жакын Автомектептин имараты кийим тигүү цехтеринин “уюгу” деп атаса болот. Ар бир цехте кеминде 15тей адам иштейт. Бул цехтерди иштетүүчүлөрдүн көбү “патент төлөп иштеп жатканыбыз менен бизге анын эч кандай пайдасы жок, болгону салык төлөгүлө деп келишкенде документибизди алып чыгып көрсөтүп, ээн-эркин иштей беребиз. Бирок иштегендерге эмгек китепчесин ачып берели десек, кээ бирөө түшүнбөйт, акча төлөгүсү келишпейт. Туруктуу иштей турган адамды кармап калуу оор. Ошондуктан ар-бир машина үчүн гана 280 сом төлөйбүз”, деген оюн бөлүшкөндөр көп.

Ишкер айым Гүлзат Жаналиева 2000-жылдан бери кийим тигүү цехин иштетип келет. Эң алгач ишин 6 кийим тигүүчү машинкадан баштаса, азыркы тапта алардын саны 50дөн ашып 60 адам иш менен камсыз болуп, кадыресе бутуна туруп алган. Даярдалган кийимдерди жолдошу “Дордой” базарына алып чыгат. Ал жактан Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Таджикстанга кардарлар алып кетишет. “Ар бир иштеткен машинка үчүн 380 сом төлөйбүз. 3 айга алдын ала төлөсөк 5% арзандатуу, 6 айга 10% арзанзандатылган жеңилдик берилет. Бирок жумуш стабилдүү болбогондуктан, алдын-ала төлөө кооптуу. Убагында салыкты төлөп турууга аракет кылам, анткени бул менин атуулдук милдетим деп эсептейм. Бирок кээ бир учурда 1-2 күн кечигип калсаң, айып пул төлөтүшөт. Буга мен абдан ыза болом, салык төлөбөй, көмүскө иш алып баргандар абдан көп. Аларды жөнгө салуунун ордуна салык төлөп атсаң, кайра айып пул да төлөтүшөт”, деген пикирин билдирди. Бул цехте иштегендердин ар бири Социалдык фондко акча төлөшөт. 350 сомун иш менен камсыз кылган цехтин ээлери, калган 300 сом тигүүчү алган айлыгынан төлөйт. “Мындан улам нааразы болгондор да болбой койбойт. Кээде жумуш үзгүлтүккө учурап калганда да, Соцфонд төлөмүн төлөө керек, ал эми жумушчу аны каалабайт. “Азыркы төлөп жаткан акчаны кийин пенсия жашына келгенде кайрып аласынар”, деп ар-бирине түшүндүрүп берем, бирок кээ бирөөлөр иштен да кетип калышат”, дейт Гүлзат айым.

Патент системасы; жумушчулардын бактысы

2005-жылы Өкмөт тарабынан биринчи жолу кийим тигүү цехтерине патент системасы киргизилген. Мындан көп өтпөй, 2006-жылы бул тармакта иштеген кызматкерлердин Соцфонд төлөмдөрүн төлөө тууралуу мыйзам кабыл алынган. Кыргыз өкмөтүнүн тигүү өнөр-жайын ачыкка чыгарууну шарттаган атайын токтомго ылайык, бул тармакта иш алып барган ишкерлер төлөөчү салыктын түрлөрү азайтылган жана бир топ жөнөкөйлөтүлгөн. Токтомго ылайык, тигүү цехинин ээси 10 даана тигүү машинкасы үчүн айына 1000 сом, ал эми ар-бир иштеген кызматкери үчүн 150 сомго патент алат. Тилекке каршы, андан бери 10 жылга жакындап калса да, көмүскө иштеген цехтердин саны арбын. Бул тууралуу “Кырком ЛТД” мекемесинин башкы директору Азамат Аттокуров: “ патент төлөп иштебеген цехтер мыйзам чегинде жоопко тартылуусу керек. Алардын көмүскө иш алып баруусу жалгыз эле экономикага эмес, тигүүчүлөр үчүн да абдан зыян”, деп эсептейт.

Кыргызстанда 300 миңге жакын адамдын үй-бүлөсүн багып, экономикабызга реалдуу салым кошкон тармак – кийим тигүү цехтери экени маалым. Такыр карайлап, кыларга иш таппай калган адам кийим тигип, топчу кадап жан багып келишет. Өкмөттөн бир тыйын жардам албай, өз арабасын өздөрү сүйрөп келе жатышат. “Көч бара-бара түзөлөт” демекчи, бул тармактын шарт-жагдайы да акырындап өзгөрүп келе жатат. Мурун бир үйдүн жер төлөөсүндө камалып иштешсе, азыр атайын имарат куруп иштеткендер четтен табылууда. Болгону кайсы тармакта алектенбейли, мыйзам чегинде иштеп, эртеңки күндү ойлой жүрүү абзел.

Асел Моконова