Байлыкты кайдан издөө керек?

Билим абдан чоң байлык экенине учурда көпчүлүктүн көзү жеткен чак. Азыркы жаштардын билимге мамилеси, келечекке көз карашы кандай? Ушул соболго колумдан келишинче жооп издеп көрдүм.

Эгемендиктин дээрлик чейрек кылымдык мезгилинде өлкөбүз орошон өзгөрүүлөргө учурады. Билим берүү системасын алсак,кечээки муун өкүлдөрү мойнуна алоолонгон жагоо тагынып, көпчүлүгү келечекте космонавт болууну самаган. Бүгүнкү муун өкүлдөрүндө мурдагыдай бир кылкалык, коммунизмди куруу дегендей бир гана максатты көздөө жок, ар биринин максаты, кызыкчылыктары ар башка. Азыр жаңы технологиялар доору, бул болсо адамдардын кызыкчылыктарын жаңы нукка салууда.

Техникалык-технологиялык төңкөрүш жаштардын кулк-мүнөзүнө таасир этүүдө. Интернет көптөгөн түйшүктөн башыбызды арылтты, бул, албетте, прогресс. Бирок таяктын эки учу бар сыңары бул жаңы муундун мурдагылардай изденбей, түйшөлбөй, натыйжада чыгармачылык, инсандын жеке өзгөчөлүгү жок болуп бараткандай таасир калат. Мисалы, кечээ эле бош орун таба албаган китепканаларда азыр бири-серин гана жаштар отурат. Бул жаштардын руханий дүйнөсүнө азык алып, акылын, билимин арттырууга умтулбай баратканын айгинелейт. Себеби китепканада көз жыртып, керээли-кечке отурганча, социалдык тармактарды эрмектөө кыйла кызыктуураак. Бир чети муну да түшүнүү керек, себеби инсандын эркиндигине жана кызыгуусуна чек коё албайт эмеспизби.

Менимче, азыркы жаштарды билимге карата мамилеси боюнча бир канча топторго бөлсө болот. Биринчи топ – булар эмгекчил, куйма кулак, өз келечегение эртелей жол чабууга умтулган жаштар. Алар алдына конкреттүү максат коюшат, ага жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшашат. Атап айтканда, тил үйрөнүшөт, керек нерсени издеп таап окушат, интеллектуалдык сынактарга катышат. Бир жаман жагы: бул топтун айрым өкүлдөрүндө өзүмчүлдүк өсүп, мекенине, эл-жерге кайдыгер мамиле калыптанып калгандай. Экинчи топко өздөрүн мекенчил деп атаган жаштар кирет, алардын жашоосунун көпчүлүк бөлүгү ар кандай конференция, белгилүү инсандар менен жолугуу өңдүү коомдук иштерге арналат. Бул топтогулардын да билимге умтулуусу жогору , коомдук иштерге аралашып жүрүп дүйнө таанымы да кеңейет.

Ал эми үчүнчү топ – бул билимге, өзүн ар тараптан өстүрүүгө кызыгуусу аз же тумалак жок жаштар. Байкашымча, бул топтун өкүлдөрүнүн көпчүлүгүн  колу жука бүлөлөрдөн чыккандар түзөт, алар билимин улантууга мүмкүнчүлүк жок деп, ошого моюн сунушат жана ар кандай жеңил-желпи, ыплас иштерге оңой эле аралашып кетишет.

Кантсе да, бүгүн-билимдүүлөрдүн заманы экенин жаштар дагы, ата-энелер дагы сезе баштады. Ошондуктан кандай гана болбосун, билим алууга, анын арты менен коомдук жана мамлекеттик иштерден көтөрүлүп, телегейи тегиз келечек курууга аракеттер күчөөдө. Бул көз кубантарлык көрүнүш. Себеби  өлкөдө билимдүү адамдар канчалык көбөйсө мамлекет да ошончо тез ирденет.

Бир учурда Кыргызстанда экономист, юрист адистиктерине талап жогору болгон. Азыр болсо жаш муун дизайнер, архитектор, дарыгер, менеджер сыяктуу адистиктерге баш коюуда. Сапаттуу билим алуу үчүн азыр акысы кымбат лицейлерге, жеке менчик мектептерге берип жатышат, алтурсун чет жактан окутуу үчүн бар байлыгын салган ата-энелер көбөйдү. Бул көрүнүшкө жараша мамлекет да айрыкча зээндүү балдардын сапаттуу билим алуусуна камкордук көрсө дурус болор эле. Себеби ошол эле колу жука бүлөлөрдөн да таланттуу балдар чыгып жатпайбы, бирок алардын билимин тереңдетүгө чамасы жок. Кыскасы, жаштардын билимге кызыгуусун ойготуу, ал эми билимге умтулгандарына ар тараптан камкордук көрүү – мамлекеттин да, коомчулуктун да, ар бир ата-эненин да милдети. Улуу ойчул Аристотель «Билимдин тамыры ачуу, мөмөсү таттуу» деп айткан экен. Чынында билим алуу «ийне менен кудук казгандай» оор, бирок баарына өжөрлөнө чыдап, тырышып окуса билим жаркын келечекке жол ачат.

Рахат Акматова

Рахат Акматова