Өз ата-энесинин мээримин алалбаган балдар көбөйүүдө

Кыргызстан жумушчу күчүн көп экспорттогон мамлекеттердин бири. Расмий статистикага таянсак жылына өлкөдөн 350 миңден 700 миңге жакын жаран жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кетишет . Кеткен мигранттардын көбү үй бүлөлөр болгондуктан кароосуз калган балдардын саны жыл санап өсүүдө.

Кыргызстанда калган мигранттардын балдарынын тагдыры жөнүндө акыркы убактарда агын айтыла баштады . Ата-энеси тарабынан жөнөтүлгөн финансылык каражат өспүрүмдөргө материалдык жактан жардам көрсөткөнү менен, тарбия жагына келгенде өксүк боюнча калууда. Ата-эне тарбиясын көрбөй өсүү жаш балдарга кандай таасир берээри тууралуу социалдык педагог Гүлмира Жумакадырова төмөнкүлөргө токтолду: “Ата-энеси чет жакта жүргөн балдар өз алдынча болуп калышат. Эмнең кем, эмнең бар деп эч ким сурабайт, ошол себептүү алар каалаганын жасашат. Башка балдардан айырмаланышып жүздөрүндө кусалык, сагынуу байкалып турат, көп учурда негативдүү эмоцияга, стресске өздөрүн алдырышат,” – дейт Гүлмира айым. Педагогдун айтымында ата-эненин мээриминин жетишсиздигинен, жакындарынын ур токмогунана кабылышып кээ бирлери түнт адамга айланышат. Кыйынчылыктарда жандарында жөлөп таянар адамы болбогон соң сырткы дүйнөдөн оолактап, алыстай башташат. Ошол себептүү мындай  өспүрүмдөр психологдун жардамына муктаж.

Мигранттар акча табуу максатында сыртка кеткенде балдары көпчүлүк учурда кароосуз калат. Мындай учурда кээ бир өспүрүмдөр кылмыштуулукка барышат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2013-жылы 17 жашка чейинки өспүрүмдөргө 1314 кылмыш иши козголсо, 2014-жылы жашы жетелек балдарга жасалган 909 кылмыш катталган.

“Негизинен Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жашы жете электер 14 жашынан баштап жазага тартылат. Алар үчүн атайын жаза өтөө мекемелери бар. Өспүрүмдөр уурулук, тоноо, баңгилик сымал кылмыштар менен колго түшүшөт. Тактоо иштери жүргүзүлүп ата-энесине келгенде көбү туугандарынын колундагы же чоң ата-энелери карап жаткан мигрантардын балдары болуп чыга келишет. Жоопкерчиликке келгенде балдарды карап жаткан адамдар ата-энелери менен байланышуубузду өтүнүп милдетти өз моюндарына алуудан качышат,”- дейт укук коргоо кызматкери Бектен мырза.

Адистердин пикиринде мектеп босогосун чанда гана аттаган, сексуалдык зомбулукка кабылган, кылмыш жасаган , запкы жеген өспүрүмдөрдүн көбү ата-энеси сыртта иштеп жүргөн, таята-тайэнелеринин же чоң ата-энелеринин колунда тарбияланып жаткан , туугандарга ташталган  мигранттардын балдары.

3 жылдан бери Орусияга кеткен кызынын баласын багып келе жаткан Жумагүл апа небересин тарбиялоодо карылыгы тоскоол болорун айтып, төмөнкүчө өз тагдырын баяндай кетти: “ Кызым 2010-жылы турмушка чыккан. Балалуу болгон соң жумушсуздуктун айынан, неберемди мага таштап күйөө балам экөө Орусияга соода кылганы кетишкен. Жылына бир жолу баласын көргөнү келип турушат. Ошондой эле акчасын акчадай жөнөтүшөт. Бирок жанымды кейиткени неберем ата-энесинин жанында өспөй жатканы. Эгер кокустан мени менен бир нерсе болсо, неберем өз ата-энесинин жанына барат, ошол учурда кыйналып калат го деп корком,” – дейт өз сөзүндө Жумагүл апа.

Биз сөз кылып жаткан көйгөй психологдордун айтымында өтө олуттуу маселе. Ата-эне менен баланын ортосунда байланыш үзүлгөндө аны кайрадан улоо кыйынга турат. Себеби баланын келечеги ата-эне менен болгон мамиленин негизинде калыптанат. Өз алдынча өскөн өспүрүмдүн алдында ата-эне аброюн жоготуп, бала үчүн финансылык булакка гана айланат.

17 жаштагы Гүлайым Тойчубекованын ата-энеси көп жылдан бери Орусияда эмгектенишет. Гүлайымдын айтымында ал таята-тайэнесинин колунда чоңойгон. Ата-энеси менен телефон аркылуу гана байланышып келет. Каарманыбызды кепке тартканыбызда: “ Мен 9 жашымдан бери тайэнемдин колундамын. Апамды акыркы жолу 3 жыл мурун көргөм.Телефон аркылуу гана кабарлашып турабыз. Башында сагынып ыйлачумун, убакыттын өтүшү менен көнүп кеттим, ”- деп жообун узатты.

“Ата-эне тарбиясы, мээрими эмне экенин билбей өскөн өспүрүмдөр келечекте коомдун татыктуу мүчөсү боло албайт. Ошондуктан ата-эне институту негизги байлык чет жерде эмес, балдарында экенин билүүлөрү абзел,” – деп белгилешет адистер.

Таңчолпон Бакытбек кызы