Өспүрүмдөр эмне үчүн өз өмүрүнө кол салышат?

26894298_4075672_1165764714Акыркы жылдары өспүрүмдөрдүн өз калоолору менен жандарын кыйуусу боюнча фактылыр көп катталып, коомчулукта суроолорду жаратууда.

Өспүрүмдөр арасындагы суицид азыркы замандын көйгөйлүү маселесине айланды. Расмий статистикага таянсак дүйнө жүзүндө жылына 12-17 жашка чейинки бойго жете электердин 14 пайызы өз жандарын кыйышат.

Иликтенген маалыматтар боюнча Кыргызстанда 2013-жылы 127, 2014-жылы 106 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Булардын 70 пайызы эркек балдар, 30 пайызы кыздар. Укук коргоо кызматкери Талаай Бекташовдун айтымында өзүн өзү өлтүрүү айрыкча мектеп окуучулары арасында көп кездешет: “Жаш өспүрүмдөр суицидин алдын алуу үчүн атайын дайындалган кызматкерлерибиз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Бирок, ошого карабастан жашы жете электер арасындагы жанын кыйуу фактылары айына 4-5 жолу келип түшөт. Иликтөөдө билингендей негизги себептер : ата-эне мамилесинин жетишсиздиги, мугалимдин уруушусу, классташтарынын, теңтуштарынын шылдыңдоолору, ур токмоктору, материалдык жетишсиздик болот,”-дейт өз сөзүндө Таалай мырза. Укук коргоо кызматкеринин айтымында өмүрүн кыйган балдардын 70 пайызы мектепте жакшы окуган,тартиптүү жүргөн, толук кандуу бардар үй-бүлөнүн балдары.

Өспүрүмдөрдүн өмүрүн кыйуу чечимине келүүсүнө түрдүү жагдайлар себеп боло алат. Психолог Жаңыл Конушбаева жаш балдарды суицидге жетелеген айрым маселелерге токтоло кетти: “Өз жанын кыйган өспүрүмдөр көп убакыттан бери депрессияга кабылып жүргөндөр болуп саналат. Соңунда эч жерден колдоо алалбаган соң өздөрүн өлтүрүү чечимине келишет.Көпчүлүгү ушундай жол менен көйгөйлөрүн чечип алабыз деп ойлогондуктан, жандарын кыйууга аргасыздан мажбур болушат.Суицидге баруудан мурда өспүрүмдө терс эмоциялар көбөйүп, бат-бат ачууланып, кээ бирлери сырткы дүйнөдөн оолоктап түнт адамга айланат. Жакындарына өлүм туралуу кыйытып айта башташат,”- дейт Жаңыл айым. Психологдун айтымы боюнча жашы жете электер жанын кыйып жатканда бирөө жардамга келет деп, соңуна чейин үмүттөнүшүп, аман калууга аракеттенишет.

Гүлсайра эженин 15 жаштагы жээни мындан 3 жыл мурун өз өмүрүнө кол салган. Акыркы катында калтырган маалыматы боюнча өлүмүнө үй-бүлөсүндөгү уруш- талаштар себеп болгон:”Айтурган үйдүн тун кызы эле . Мектепте жакшы окуган, тартиптүү окуучу болчу. Болгону атасы көп ичкендиктен классташтарынан уялып, арданчу. Ага кошумча үйлөрүндө ар күн ызы-чуу болоор эле. Мындай тынымсыз уруш -талаштар жаш жээнимди өлүмгө алып келди. Айтургандын бул жолго бараарын эч кимибиз ойлогон эмесбиз. Жазган катында болсо жашоодон тажаганын айтып, апасынан гана кечирим сураптыр,” – деди көзүнө жаш алган Гүлсайра эже.

Дүйнө жүзүнүн башка өлкөлөрүндө бойго жете электердин жанын кыйуусуна өздөрүнөн башка көп нерселер себеп болот. Алсак Россияда социалдык түйүндөрдө атайын түзүлгөн “Кел чогуу өлөбүз” аттуу баракчалар бар. Аталган топко катталгандар 10-18 жаштагылар. Баракчадагы бардык маалыматтар өлүмдөн кийинки жашоо туралуу, урааны “ Чогуу өлүү коркунучтуу эмес” деп айтылат. Ошондой эле батыш өлкөлөрүндө жашы жете электерди өлүмгө чакырган миңдеген секталар бар. Өлүмгө өтө берилген жаш өспүрүмдөр бул секталарга кирип,  жандарын курмандыкка чалышат.

Адистердин пикиринде өспүрүм секелектердин өмүрлөрүнө кол салуусунун негизги себептери ата-эненин ур- токмогу, балага көңүл бурбагандыгы, мектептеги көйгөйлөр, классташтарынын басынтуулары, теңтуштары сыяктуу жетиштүү кийинип, ичинип албагандык, алгачкы сүйүү сезимдери себеп болот.

Жылдыздын Камила аттуу классташы апасына өчөшүп өз өмүрүнө эки ирет кол салган. Учурда талма оорусуна кабылып, ооруканалап жургөн маалы: “Классташым Камила 2010 – жылы 10- класста окуп жатканда жанын кыйууга эки ирет аракет жасаган. Биринчисинде кан тамырын кесип, экинчисинде ашыкча дары ичкен. Негизги себеби апасы экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүк болгон. Апасы бизде орус тилинен сабак бергендиктен классташтарынын көзүнчө катуу сөздөр менен урушуп, кол көтөрчү,” – дейт Жылдыз.

Ислам дининде өз жанына кол салуу чоң күнөө. Жаныбек молдонун айтымында адам өз өмүрүнө кол салууга акысы жок : “Шарият боюнча  өзүн-өзү өлтүргөн адам кыямат күнү тозокко түшөт. Бул жерде негизги суроо ата-энеде, алардын тарбиясынын жетишсиздиги балдарды мындай жаман кадамга барууларына жол ачууда”, – дейт Жаныбек молдо.

“Убактылуу кыйынчылыктарга чыдабай өспүрүмдөр өз өмүлөрүн кыйуулары коомдо жан кейиткен маселеге айланууда. Эгер ата-эне институту балдарга жеткиликтүү көңүл бурбаса, эртеңки күнү алардан ажырап калуулары шексиз,”-деп эскертишет адистер.

Таңчолпон Бакытбек кызы