Табылды Асыгалиев: Улакка баары эле жарай бербейт

 

188756_102085656632144_1313001107_nБөлүнүп ордо, чын мөөрөй

Атпай турган жер бекен?

Жатпай оюн Көкбөрү

Тартпай турган жер бекен?-деген саптар кадимки “Манас” эпосунда айтылат. Эрендердин эр оюну – көк бөрүнүн күңгөй-тескейи, ийгилиги жана көйгөйлөрү туурасында көк бөрү мелдештерин көп жылдан бери көрүүчүлөргө баяндап келаткан Табылды Асыгалиев агабыз менен маектештик. 

– Алгач маекти көк бөрүнүн жаралуу тарыхынан баштасаңыз. Бул оюн көчмөн элдерге таандыкпы, кайсы кылымда пайда болгон?

Эми бул биздин улуттук оюнубуз биздин эрага чейин 2 миң жыл мурда пайда болсо ошондон бери эле ойнолуп келе жатат. Оюндун тарыхы боюнча да аркандай божомолдор, уламыштар айтылып жүрөт. Ошолордун биринен айтып берейин.

Кыргыздар көчмөн, жоокер эл болгон. Жайы-кышы мал-жанды жалаң бала-бакыра, кемпир-чалдарга калтырып, жигиттер айлап аңчылыкка кетип турушкан. Ошондой күндөрдүн биринде короого карышкыр тийип, мал калтырбай жара тартып кетет. Аңчылыктан кайтып келген алдуу-күчтүү  жигиттер короого кымгуут салган бөрүнү ат менен кууп жетип, кол менен желкеден алып, бири-биринен талашып-тартышып ойношуп, катуу кумарга батышкан дешет. Мына ошондон бул оюн жаралган деп айтышат. Экинчи вариантында ошол эле карышкырлар короодогу койлорго кол салганда кичинекей козуларды бөлтүрүктөрүнө аңчылык кылууга үйрөтүү үчүн алып келип берип турушкан. Аны кичинекей бөлтүрүктөр сүйрөп талашып ойногонун көрүшүп, мына ушундан да көк бөрү негизделген деп айтылат. “Манаста” да улуу адамдар астында улак тартууланганы айтылат эмеспи.

– Совет доорунда улак тартышка тымызын тоскоолдуктар болгон деп айтылат. Кыязы, бул оюн аркылуу улуттук аң-сезим курчуйт деген ойлор болсо керек, кандай дейсиз?

Эми совет доорунда эскиники дегенчелик кылып, кыргыздардын оюндарынын баарын жокко чыгарып, тыюу салгандары чын. Улуттук каада-салтты бара-бара жок кылыш керек болчу. Союз убагында дээрлик райондордун баарында Көк бөрү тарттырбай коюшкан. Бирок кыргыздын баары бир канында бар да, ат жалында ойногон жигиттер той-аштарда улак тартышып, элдин черин жазып жүрүшкөн.

Эгемендикти алгандан кийин улак тартыш кеңири жайылды, оюн эрежелерин тактоо, эл аралык эрежелерге ылайыктоо аракеттери көрүлдү. Ошол өзгөртүүлөр жана түзөтүүлөр тууралуу азыноолак айта кетсеңиз.

Ооба, көк бөрүнүн заманбап эрежелери пайда болду. 200 метр аралыкта футбол талаасынын өлчөмүндөй тай казан салынган. Эми бул эрежелерди кыргыз элинин чыгаан инсаны Болот Шамшиев түзгөн. Оюн эрежелери Казакстандан келатканда түшүнө кирген деп айтышат. Мына ушулардын негизинде оюн майданы керек эле. “Дордойдун” жанында ачык жер бар экен, ошол талааны оңдошкон. 1995-1996-жылдар эле, Аскар Салымбеков спортту сүйгөн киши болгондуктан, акча бөлүп, талааны жасашып, мелдештерди уюштуруп берген.

Таласта Болот Шамшиевменен биргеликте 16 команда катышкан “Манас – 97” фестивалын өткөргөнбүз. Казакстандан эки команда келген. Ошентип 1998-жылы биринчи жолу федерация түзүлдү, президент шайланды. Азыр өзүнүн герби, гимни, желеги, логотиби бар. Федерациянын биринчи президенти Болот Шерниязов болгон. Ал киши алгачкы болуп көк бөрүнү эл аралык аренага алып чыкты. Ал киши депутат болуп кеткенден кийин федерацияны Аскар Салымбековго өткөрүп берген. Салымбеков карым-катнаштарды дагы көбөйтүп, кыргыз-казакты клубдар арасында мелдештирди.“Көк-жал” деген клуб түзүп, Нарындын атынан чыгарган. Анан Нарын облусуна губернатор болуп барганда айылдардагы көк бөрүчүлөрдү көтөрүп чыккан, Нарындагы дээрлик баардык айылдарга тай казандарды курдурган. Аскар Салымбеков депутат болуп кеткенден кийин Молдомуса Конгантиев федерация президенти болуп калды. Ал киши милиция арасында да, карапайым жаштар арасында да оюнду өнүктүрүп, түштүк регионуна жайылтты. Учурдагы президентибиз Чүй облусунун губернатору Канатбек Исаев. Бул да улакты сүйгөн, ышкыбоз жигит.

– Көк бөрүнүн аймактар арасында ойноо өзгөчөлүктөрү барбы? Мисалы өлкө түндүгү менен түштүгүндө айырмачылыктар бар дешет.

Ооба, айырма бар. Түндүк зонасында улак тартышат. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткенде торпок тартышат. Бирок эл аралык аренага чыкканда Ошто да, Жалал-Абадда да бирдей эреже менен ойношот. Ал жакта да  командаларыбыз бар. Мисалы, “Достук” командасы. Кышы менен аэропорт жакта жума сайын торпок тартышат. Чоң тойлорду өткөрүшөт. Жеке инсандар, улуттук оюнду сүйгөн депутаттар, министрлер барышат. Чер жазганы барып жаштарга улак уюштуруп беришет. Түндүктүн балдарын чакырып кээде Лейлек улагы деп улак тартышат, ишемби күнү торпок тартышат. Улакчылар жума сайын келип ойноп турушат.

Ал эми Көк бөрү ат майдандарында ойнолот. Биздин эреже менен Өзбекстан да ойнойт, Тажикстан да ойнойт, Казакстан да ойнойт. Кыргыздын көк бөрүсү деп кабыл алынган, биздин сыймыгыбыз, жетишкендигибиз, жеңишибиз дагы ушул. Көк бөрү кыргыздыкы, эреже кыргыздыкы. Мисалы, футбол Англиядан чыкса, хоккей Канададан чыккан дегендей.

– Көк бөрү федерациясы негизделгенден бери бул оюнду эл аралык саябанга чыгаруу аракети башталган эле. Ал турсун Оогандан, Монголиядан бери келип мелдеш болгон. Анан токтоп калды.

Эл аралык деңгээлге чыга албай жаткандыгынын себеби эмнеде?

2002-жылы бизде эл аралык Ататүрк турнири өткөрүлүп, Кытайдан, Ооганстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан командалар келип ойношкон. Андан кийин Аскаров турнири деп Казакстанда өтүп жүрөт. Эми эл аралык, олимпиадалык оюндарга кыргыздын оюну катары тартуу кылсак деген максат бар. Бирок бул оюн өтө татаал, өтө кымбат да. Дүйнө жүзүндө аттарды башка мелдештерге алып чыгуу өтө кыйын, кымбат. Кеминде эле алты айлап карантинде туруш керек. Текшерилет, ветеринардык комиссия, бажы дегени бар. Мисалы, ат спорту менен машыккан жигиттер Жапонияда мелдеш өтсө аты жок барат, ал жерден чүчүкулак менен ат алышат. Ошол аттар менен анан мелдешке чыгышат. Андан сырткары аттарды таптап, багып өстүрүү, жем чөбү, машинада ташып жүрүү деген түйшүктөрү бар.

– Айрым эл аралык адистер көк бөрүдө жаныбарларга карата зомбулуктун элементттери бар деп баалашат экен. Кыязы, улакты союп таштагандан улам айтып жатышса керек. Улактын ордуна кандайдыр бир ошого окшош нерсени тартса болбойбу?

Дүйнөлүк жаныбарларды коргоо коому биздин улакты союп тартканыбызды жактырбайт. Ошон үчүн көп жылдан бери муляж жасоо аракети көрүлүүдө. Улактын формасын резинадан жасайбызбы же башкасынанбы жана тай казандарды да чечилме кылып заманбап, коопсуз кылып куруу маселеси турат. Бирок улактан муляж жасаганда ал кандайдыр бир өзүнүн кызыгын жоготуп жиберет экен да. Кыргыздарга ал жакпайт. Антели десек Испаниянын деле корридасы бар эмеспи. Букалардын шайын кетирип, бычак менен сайгылап кыйнап жатышпайбы. Алар деле болбой өзүнүн оюнун улантып келатышат. Бирок баары бир заманбап амалдарын табышыбыз керек.

– Азыр улак тартыш негизинен бизде, анан Казакстанда кеңири жайылган, дал ушул эки өлкө ортосунда айыгышкан таймаш жүрүп келет. Бирок ортодо дайыма чырлар болуп жатпайбы, аны тыйса болбойбу? Эми биз 21-кылымдын көз карашы менен жашашыбыз керек эмеспи.

Жакшы суроо. Улуттук оюнду дүйнөгө тараталы десек, сыртка чыгып ойнош керек деп, эки жыл мурда казактарга барып ойноп келдик. Азыр ар бир өлкө спорт аркылуу өз жүзүн, байлыгын көрсөтүүгө аракет кылып жатпайбы. Казак туугандар көк бөрү биздики болуп калганына ичтери күйүп жүрөт. Бүт баары тең кыргыздын көк бөрүсү деп айтабыз деп кабыл алышкан. Мисалы, казактар көкпар дейт, бирок көк бөрү дегенге макул болушкан. Тажиктердики бозкашы дейт, Ооганстанда да ушундай. Фарсы тилинен бошкашы деген көк бөрү дегенди түшүндүрөт. Өзбектердики көпкари дейт.

Кыскасы, казактар көк бөрүнү да өздөрүнүкү кылгысы келишет. Алар эрежени бузуп, күн ысык экен, аттарыбыз өлүп калат, бизде чөл, эки тайм менен ойнобуз деп бизге өз жобосун жөнөтүшкөн Азия чемпионатында. Биз анын астында эки жолу барып Чымкентте эл аралык турнирде казактарды клубдук деңгээлде утуп, 1-2-орунду кыргыздын эки командасы алып келген да. Ошондо ичтери күйгөн. 10 жыл мурда да кыргыздар 10:1 эсебинде утуп алганда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев берген арзан кредиттердин эсебинен тегеректеги кыргыздардын улакка чыкчу аттарынын көбүн сатып кетишкен.

Казактарда акча көп да. Бир эле облуска 500 млн теңге бөлүнөт экен. А биздики жалпы улуттук оюндарга болгону 5 миллион сом бөлүнчү. Анын ичинде эр эңиш, күрөш, алыш, тогуз коргол оюндары жана башкалар бар. Эмнеге утулабыз ушунча акча менен деп ичтери күйүп жүрүп, кийин ызы-чуу менен бизди утуп алышкан. Оюн башталганда эле эң кыйын Рустам деген улакчыбызды 5 мүнөткө оюндан чыгарып салышкан. Калыстар жалаң өзүнүкү болуп, казактарга тартып туруп алышты. Болуптур эми деп былтыр Көчмөндөр оюнуна чакырсак,бир чети уялышып, негизи утулабыз деп коркуп келишкен жок. Алматыдан балдарын жөнөтүшпөйт, барбагыла, утулуп уят кыласыңар деп.

– Учурда кайсы командалар кесиптик бийик деңгээлге чыга алышты? Улакчынын орточо курагы канча?

Мурда 40тан өйдөкү курактагылар деле ойноп жүргөн. Бирок кийинки 10 жылдан баштап улакчылар жашарып келет.Себеби, ал кезде азыркыдай айыгышкан таймаш аз эле. Азыр мелдештер айыгышкан мүнөз күтүп, таза кандуу, күлүк, чапчаң аттар кошулду. Алар шамалдай сызып, балдарыбыз урунуп-беринип жарадар болуп жатышат. Улакты жүрөгүндө жалы бар, көздөрүндө от жанган, чоюн билек эр азаматтартартат да. Көбүнчө 25-30 жаштагылар ойнойт. Жашы өтө баштаган сайын табынан кете баштайт экен.

Командалар арасынан былтыр бардык турнирди Талас облусунун жигиттери уткан. Таластыктар сегиз жылдан бери утулуп жүргөн да. Анан Таластын Көк бөрүчүлөрү намыска келип, демөөрчүлөрү күчтүү аттарды сатып  беришкен. Мисалы, Өмүрбек Бабанов, ошол эле Шерниязов, депутаттар, министрлер колдошкон. Ал эми Чүйдө “Сары- Өзөн”, “Тынай” командалары күчтүү. Мурда ар бир региондон бирден курама команда келип ойночу. Андан кийин клубдук деңгээлге өткөнбүз. Азыр бардык аймактар күчтөнүп жатат.

– Дегеле бул оюнга өмүрүн сайган жигиттер көппү, бул өнөр  артынан үй-бүлөнү багуу мүмкүнбү?

– Көк бөрүчүлөр – айылдын эң жөнөкөй эле дыйкан, койчу балдары. Мына ошолор көк бөрү аркылуу дүйнөгө таанылып жатышат. Биринчи болуп Италиядан Ди Стефани деген журналист жыл сайын келип фото-көргөзмөлөрдү өткөрүп жүрдү. 1999 -жылы дүйнөлүк “Дискавери” каналы көк бөрү боюнча атайын кино тартып кетти. Корея да тартты. Жапониянын борбордук гезитине чоң макала чыкты. Чүйдүн атактуу “Рассвет” командасы боюнча фильм тартылган. Мына айылда жүргөн эле карапайым уландар көк бөрү жылдызы катары кыргыздын намысын сактап жатышат. Балдарыбыздын баары өз күчү менен жүрүп, азыр ирденип калышты.

– Чынында Көк бөрү экстремалдык оюндар түрүнө кирет, ат мүдүрүлөт, кээде улакчылар аттын астында калышат, же аттар ээ бербей көрүүчүлөрдү аралап кетишет. Коопсуздук чараларын күчөтүү аракети барбы?

Албетте, жанагындай тополоңдо аттын астында тебеленип жатышат. Ошон үчүн бизге атайын ат майданы керек. Кыргызстанда эң көп көрүүчү келген оюн Көк бөрү. Он миңден ашык киши келет. Ипподромго эл батпай кетип атпайбы, трибуна урайбы деп коркобуз. Канча балдарыбыз жаракат алып, эсинен танган учурлар болот. Ошондон кудай сактасын дейбиз. Ат жаныбар акылдуу эмеспи, оңой менен тепсебейт, баланы аттап кетет. Ошондой болсо да тура калганда туягы тийип кеткен учурлар болот, ат менен кошо жыгылып басылып калганы болот. Атайын тез жардамга сүйлөшүп оюн болгондо жанына коюп коёбуз.

Маектешкен Рахат Акматова

гезитке image_003