Жаңылыш кесип тандоонун кесепеттери

51ecfa13-8a91-d5f4-8a91-d5fb76ca5df2.photo.0Кесип тандоо –адамдын жашоосундагы олуттуу жана маанилүү кадам. Бирок көпчүлүк жаштар кесип тандоого келгенде тобокелчиликке салышат. Акчасын, убактысын коротуп окуган адистиги менен кийин иштеп, жан багуусу күмөн экенине баам салышпагандай. Бул көрүнүш жалгыз эле бир кишинин кесип тандоодогу жаңылыштыгы эмес, коомго таасир берүүчү негизги факторлордун бири.

Тобокелге салуу жакшыбы?

Ар бир адам кичинекейинен ар нерсеге кыялданат. Бирок, келечекте кайсы адистин ээси болоору тууралуу ойлоно бербейт. Кандайдыр бир кесип тууралуу жетишээрлик маалымат менен алдын-ала таанышууга көп кызыкпайт. Көпчүлүгү  маңдайына туш келген адистиги тууралуу жогорку окуу жайдын босогосун аттагандан кийин гана кабардар болушат. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенти Айгерим да дал ошондой абалга туш болгон. Ал, сынактагы алган баллы туура келгендиктен гана түркология факультетине тапшырган.

Кесипти тобекелге салып, тандап алгандан кийин жагып калса жакшы эмеспи. Орто жолдо ыргылжың болуп, “улантсамбы, же башка адистикти тандасамбы?”- деп ара жолдо калган жаштарыбыз да жок эмес. Алардын бири аталган университеттин Гуманитардык факультетинде окуган Элиза (аты белгилүү себептерден өзгөртүлдү). Башында окуп жаткан адистигине бир аз кызыгуусу болгон. Кийин, “окууну аяктасам жумуш таап, кесибимди аркалап кете аламбы?” деген чочулоодон улам бара-бара кызыгуусу соолгундап баратканын айтат: “Жогорку окуу жайына тапшыраарымда, үй-бүлөм экономика, финансы-кредит же медицина тармагын тандоомду сунушташкан. Өзүм психолог болууну каалачу элем. Үйдөгү эки ача пикирге карабай, өзүм каалаган психология илими менен түздөн-түз байланышы бар адистикке тапшырып, окуумду улантып жатам. Бирок, бул кесипти аркалап кетээриме ишене албай баратам. Анткени бул кесипке талап жок окшойт деп шектене баштадым”, – дейт.

Жумушсуздардын катарын кимдер толуктайт?

2014- жылдын 1-октябрдагы каттоосунда, республика боюнча жумушсуздардын саны калктын 2,4 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда кыйла жогору. Жумушсуз адамдардын катарын, кесибин туура эмес тандап алгандар да жылдан-жылга толуктап келе жатканын Бишкек шаарынын калкты жумуш орду менен камсыз кылуу борборунун жетекчиси Гүлмира Жакшылыкова да баса белгилейт. “Росинбанк” ачык акционердик коомунун майда дүң соода тармагынын жетекчиси Айнура Ташматова : “Жумушка орношуу үчүн диплом гана керек болбостон, көбүнчө адамдын болочок кесибине шык-жөндөмү, активдүүлүгү, чыйрактыгы, эл менен иштеше алчу кулк-мүнөзү абдан чоң роль ойнойт. Ушул талаптарга жооп бере албаса, ага диплому  жардамга келе албайт”, – деген пикирин билдирди.

Кыргызстандын келечеги үчүн олуттуу көйгөй

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин “Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк” бөлүмүнүн ага окутуучусу доцент Хакан Дүндар: “Жаштарда, кесип тандоодон мурун, ал адистикке кызыгуусу болуу керек”, – дейт. “Тандай турган кесиби ага кызыктуубу, өзүнүн кулк-мүнөзүнө, шык-жөндөмүнө ылайыкпы, бул кесипти тандаса өзүнө жана коомго кандай кызмат суна алат? Коомдо талап кылынабы бул кесип?” – деген сыяктуу суроолорго жооп таап, анан гана сынакка даярданып баштоосу керек. Ата-энелер менен мектеп мугалимдери окуучунун кесипти жаңылбай тандоосуна багыт берип, колдоо көрсөтүүсү шарт. Аны окууга тапшыраарда эмес, 2-3 жыл мурун баштаган дурус. Ата-энесинен, мугалиминен колдоо көрбөгөн абитуриент, өз алдынча чечим кабыл алууга мажбур. Андыктан, мындай жаңылыштык эң популярдуу деп эсептелет. Натыйжада, бир окуу бөлүмдөн экинчи бөлүмгө которулуу маселеси келип чыгат”, – дейт ал. Хакан мырзанын айтуусуна таянсак, бул көрүнүш улана берсе, келечекте Кыргызстандагы олуттуу көйгөйгө айланышы ыктымал. Анткени, билим сапаты төмөн, өз кесибине кош көңүл мамиле кылган жаштар өсүп келе жатат. Бул маселеде ата-энелер, мектеп мугалимдери, социалдык педагогдор окуучуларга жардам көрсөтүп, өздөрүнө ылайыктуу кесип тандоолоруна багыт берүүсү кажет.

“Беш кол тең эмес” дегендей, жактырган кесибинде билим алууну көздөгөн жаштарыбыз да жок эмес. Алардын бири – борбор калаабыздагы №72 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Чолпон Марс кызы. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатат. Ал дагы  “Манас” университетиндеги Айгерим сыяктуу тесттин жыйынтыгына карап, андагы баллына жараша тандоосу башкага өзгөрүшү мүмкүн экендигин жашырбайт. Андыктан, башка кесиптер тууралуу да маалымат алууга аракет кылып жатканын айтты. Азырынча, ата-энеси, мугалимдери тандаган кесиби боюнча колдоп, туура багыт берип жатканына ишеними чоң.

Жогорку окуу жайларында жыл сайын 30 миңдин тегерегинде студенттер кабыл алынат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, 2014-2015 окуу жылында 35,4 миң студент тапшырган. Студенттердин арасында басымдуу бөлүгү туура кесип тандашса, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн көбүрөөк салым кошоорун унутпасак. Аны менен мамлекеттин, коомдун татыктуу жашоосуна ишенимдүү кадам жасалмак!

Асел Моконова