“Билими күчтүү миңди жыгат”

88ОЭСР (Организация экономического сотрудничества и развития – OECD) аналитикалык борборунун мектептеги билим берүүнүн сапаты боюнча 2015-жылдын май айына карата берген отчётуна Кыргызстан кирген эмес. Анткени мурунку жылдарда акыркы катардан орун алган. Бүгүнкү Кыргызстан эртеңки билимдүү жаштарга муктаж. Андыктан “Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты сизди канааттандырабы?” деген суроо менен коомчулукка кайрылып көрдүк.

Бегайым Талантбекова, журналист:

Билим алуу ар бир адамдын өзүнө гана көз каранды. Мектепте иштеген мугалимдерге сын тагуудан өтө оолакмын. Эгерде балада каалоо болсо, ата-энеси тарабынан кайдыгерлик жок болуп, көзөмөлгө алынса эле жакшы билим ала алат. Андан көрө “мектептерде татыктуу билим алуу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүп бергенби?” деген суроо актуалдуу. Мисалы менин мектебимде компьютер деген жок. Болсо да көргөзмөдө гана турат, тээ илгерки. Өмүрү колуна компьютердин мышкасын кармабаган, клавиатурасын баскылап көрбөгөн балдар борборго келебиз, дагы ошончо окуп, үйрөнүп кеткенибизге шүгүр, борбордун окуучулары менен тең тайлашып, тытынып атып. Мектеп имараты кулай турган абалга келген аймактар бар. Тамтыгы кетип, тамы тешилип, чатырынан суу тамчылап турган мектепте мугалимдин деле иштегиси келбесе керек. Мындай шартта окуучунун мектепке болгон сый-урматы дагы жоголот. Ал эми азыркы айрым серепчилерге окшоп, “билим берүү системасы өлдү, балдардын билим деңгээли төмөн” деп болжолдоп “соккум” келбейт. Бул жерде кадр маселеси деген чоң жарабыз дагы бар. Жаш мугалимдердин деңгээли, улуу муундагы окутуучулардын заманбап технологияларды өздөштүрүүсү деген ири көйгөйлөр бар.

Чыныбек Ажыбеков, “Алиби” гезитинин өз кабарчысы:

Канааттандырбайт.Себеби совет учурунда калыптанган системаны талкалап алдык.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

Окуучулардын билим деңгээли ар кандай. Билим деңгээли окуучунун өзүнүн окууга жасаган мамилесине көз каранды. Анан дагы ата-эненин капчыгынын калыңдыгына  жараша болот. Мугалимдердин өздөрүнүн деңгээлин көтөрүү зарыл. Бирок, айлыктарды көтөрүп кызыктырбаса, бул да ишке ашпайт.

Өмүрбек Абдырахманов, ЖКнын эркин депутаты:

Канааттандырбайт. Билим берүүдө реформа болгон жок. Мектептин берген билимин аныктаганга критерий жок.

Насипова Жумагүл, мектеп мугалими:

Канааттандырбайт. Биринчи эле маселе мугалимдердин айлык маянасынын аздыгы. Экинчиден, мугалимдердин квалификациясынын жоктугу. Сабак берип жаткан мугалимдин өзүнүн билим деңгээли начар. Мугалим кесибиндеги адистер жетишпейт. Жаш кадрлар келет, бирок алар сырттан окуп келгендер же педагогикалык билими тайкылар. Мисалы мен өзүм филологмун. Бирок учурда география, укук таануу предметтеринен сабак берем. Анан ушундай көрүнүштөрдүн айынан кесипке болгон сүйүү да, кызыгуу да солгундайт экен.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификатка” татыктуу болгон 2015-жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү Бишкекте жайгашкан мектептердин окуучулары. Мунун өзү билим берүүнүн сапаты республика боюнча бирдей эместигин көрсөтөт. Ооба, буга чейин мамлекет, министрлик тараптан бир катар аракеттер көрүлүп, алардын айрымдары өз максаттарына жетпей, мугалимдер тараптан нааразычылыктарды пайда кылган. Буга кошумча, мугалимдик кесиптин мыкты адистеринин санынын аздыгы да өзүнүн терс таасирин келтирүүдө. Аны менен катар учурдун талабына жараша заманбап шаймандардын дээрлик баардык мектептерде жоктугу бул өтө чоң кемчилик болсо керек. Ошол эле компьютерде иштөөнү билбөө көп мүмкүнчүлүктөрдөн чектейт.

Адам ресурсу – мыкты кадрлар ар бир өлкөнүн өнүгүүсүндө негизги фундаментти түзөт. Ал эми бүгүнкү күндө ата-энелер баласынын жаркын келечеги үчүн инвестиция салыш керек. Ал ири суммадагы каражатты талап кылат. Андай каражатты табыш жылдык кирешеси орточо эсеп менен 50 миң сомду түзгөн дыйкан үчүн кыйла эле оор. Малчылар менен багбанчылардын деле кирешеси бардык керектөөлөрдү жабаары күмөн туудурат.

27-августта мыкты студенттерге президенттик стипендияны тапшырууда Президент Алмазбек Атамбаев республикалык бюджеттин 23,4% пайызы билим берүү тармагына бөлүнгөнүн белгиледи. Жаңы окуу жылына карата ири реформалар ишке кирүүдө. Бул тууралуу билим жана илим министри Эльвира Сариева байма-бай айтып келет. Аларды ишке ашырам деп, министр айым Жогорку Кеңешке болгон шайлоого катышуудан баш тартканын да жарыя кылды. Эми жыйынтыгын убакыт көрсөтөт.

Перизат Джаныбекова