Алтынга тете Жалпак-Таш ташы

11993087_1640016842916124_122896419_o

Травертин-бул таш адамдарга тээ илгертен бери тааныш. Тагыраак айтканда, мындан 1000 жыл мурда «Тибурдан келген таш» деген аталыш менен байыркы римдиктер менен байыркы гректердин курулуш иштеринде негизги каражат катары колдонуп келишкен.

Дал ушул таш менен байыркы көпүрөлөр, үйлөр, жана мончолор курулуп келген. Жыл өткөн сайын бул таш «Падыша ташы» деп аталып, дүйнөдөгү ири тарыхый курулуштар курулган. Алардын катарын Марчелло театры, Колизей, Бразилиядагы Сан-Хосе стадиону жана башка имараттар толуктайт.

Кылымдар өтүп адамдар курулушка жарактуу көп материалдарды табышкан. Бирок травертин баштагыдай эле өз популярдуулугун жоготпой келет. Себеби бул таш ар бир адамга жеткиликтүү, кооздук жагынан да эч бир курулуш материалыналдына салбайт, колдонууга өтө оңой. Мындан сырткары травертин адамдын ден-соолугуна пайдалуу.

Травертиндин дагы акиташ-үлүл кабыгы( известняк- ракушечник) деп аташат. Анткени бул таштын курамынан үлүл кабыктарын жана акиташ цементин кезиктирүүгө болот.

Акиташ-үлүл кабыгын дүйнө жүзү боюнча: АКШдан, Ирандан, Грециядан, Португалиядан, Израилден, Алжирден жана башка мамлекеттерден кезиктирүүгө болот. Бул өлкөлөрдө травертинди иштетүү өтө жогорку деңгээлде.

Бул ташты иштеп чыгуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө сап башында турат.

Анын туулган жери деп Ош областына караштуу Өзгөн районундагы  Жалпак-Таш айылы эсептелет.

Жалпак-Таш айылы Ош шаарынан батыш тарапты көздөй 80 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 1940-2200 метр бийиктикте жайгашкан. Таш чыкчу жердин жалпы аянты 120 гектарды түзүп, запасы 16 млн м3 ашуун.

Бул айылдан чыккан таштар Кыргызстандын ар бир бурчунун курулуш иштеринде башкы ролдо ойноп келүүдө. Жалпак-Таштын ташы менен Бишкек Гуманитардык Университети, Тарых музейи, Учкун имараты жана башка миңдеген көп кабаттуу үйлөрдүн сырты жана ичи жасалган.

Ал эми Жалпак-Таш айылы Өзгөн районундагы эң бай айылдардын бирине кирет. Байыган адамдар ушул айылдан чыккан ташты иштетүү менен ушундай жетишкендиктерге ээ болгон. Себеби таш кесип, оор техниканы башкарууга эркек уландар болсо, аларга тамак даярдагандар-ашпозчулар айымдар. Кыскача айтканда, жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болушкан.

Жалпак-Ташта ташты иштетүү тээ Совет доорунда башталып, азыркы тапта аны иштетүү кызуу уланып жатат. Травертинди иштетүү максатында таштын туулган жеринде 33 фирма жең түрөө киришкен эле. Бирок азыр алардын саны абдан эле кыскарып кеткен. Азыр ташты 10 гана фирма иштетип келет. Калган 23ү банкрот болгон, кээ бирлеринин лицензиясын алып койгон. Фирмалардан сырткары травертинден плитка жасаган 2 завод да убагында катуу иштеп жатып, жаза басып алышып лицензиясын алдырып коюшкан. Алар азыркы убакка чейин эч кыймыл жок, токтоп турат.

Тыйындын да 2 жагы бар дегендей бул таштын да жакшы-жаман жактары жок эмес. Албетте жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болуп, адамдар байып жатканы менен айыл тургундарынын бул таш иштеткен фирмаларга нараазычылыктары көп.

Фирмалардын иштери кантип башталган? Ал фирмаларда кандай адамдар иштеп, ким камсыздайт? Жергиликтүү калкка тийгизген пайдасы барбы? Бул боюнча айыл тургундары айтып беришти.

11994062_1640016909582784_601640319_oТурдубай ажы ата:

– Бул айылда менин ата-бабам жашап өткөн. Азыркы тапта бала-чакабыз менен биз да өмүр сүрүп жатабыз.

Ал эми Жалпак-Таштагы чыгып жаткан ташты жергиликтүү калк: «Сары Таш», «Карынбайдын ташы» деп атап келишет.

Бул жерге убагында Өзбекстандан, Казакстандан адамдар келип сыйынып кетишчү. Таштын чети да оюла электе өзбектер келишип: «Ой, бай! Ушул жерде да адамдар каза болушабы» деп таң калып кетишкен эле. Аларга бул жер жомоктогудай көрүнсө керек да. Бул таш кен болот экен деп биринчилерден болуп Өзбекстандан келген армендер тактап кетишкен эле. Көп өтпөй эле дал ошол армендер жабдыктары менен келип каалаган жерин иштетип баштаган. Анда 1970-жылдар. Адамдар ушул убакка чейин бул таштын баркын билбей келишкен да. Башында ким келип баштап калса, жер ошого тиешелүү болуп калган.

Бул жерди изилдөөгө биринчи жолу Шухрат деген өзбек жигити келген. Ал бул жерди метрлеп тартып: «Бул таштын запасы 300 жылга жетет»-деп кеткен.

Ташты иштеткен фирмалардын ичинен чет өлкөлүк адамдарды жолуктурууга болот. Мисалы: кытайлык, кореялык, туркиялык орусиялык. Кээ бир фирмалардын башчылары Талас, Ысык-Көл, Чүй жана башка областтан келгендер. Ташты иштетип баштаганда тажрыйба жок болгонуна байланыштуу ар кандай ыкмаларды колдонуп келишкен. Россиядан келген бир фирма жарылчу каражаттарды колдонуп, ташты жарып-талкалап алып көп таш жараксыз болуп калган. Жыл өткөн сайын жаңы жабдыктар менен камсыз болушуп, азыр заманбап жабдыктар менен иштеп жатышат.

Таяктын да 2 учу бар дегендей, бул таштын зыян жактары да жок эмес. Геологдор келип, изилдеп 110-120 гектар гана жерден чыгаарын далилдеп кеткенине карабай, ар ким өзүнчө геолог болуп көрүнгөн жерди казып таш издеп жатышат. Айылдагы адамдар көбүн эсе мал менен жан багышаары баарыбызга маалым эмеспи. Таш издеген геологдордун айынан айдоого жарактуу жерлерди жараксыз кылышты.

Күнүнө биздин жолдон 20 тоннадан ашуун жүк менен оор жүк ташуучу авто унаалар өтөт. Анын айынан жолубуздун тамтыгы чыгып жатат.

Таш алынган жерлер оюлуп, ал жерлер толтурулбай эле жатат. Биз барып бул жерлерди толтуруусун сурансак: «Биздин чоңдор айтканын кылабыз»-деп такыр тоготушпайт. Бул жерде жаш балдар бар, алар ойноп түшүп кетсе ким жооп берет ал бизге туңгуюк.

Ар бир карьер менчик. Кимдин фирмасы деп сурап калсак: «Депутаттыкы, крим чөйрөнүкү»-дешет. Калк жумуш менен камсыз болгону менен, айылдын көйгөйү арбын.

Абдыбаб Адимомунов кран айдоочусу:

-“Таш башталгандан бери кран айдоочусу болуп иштейм. Жалпак-Таштын ташын 2-алтын атасак да болот. Биздин айылдагы жаштар башка шаар, айыл жаштарынан айрымаланып, Россияга кеткен эмес.

Бирок ташты иштеткен фирмалар жеке менчик болгондуктан, элди караган эч ким жок. Башында тургандар чиновниктер. Өзүңүздөр көргөндөй жолубуз начар. Оор жүк ташуучу унаалардын айынан бул жолдо жеңил унаалардын жүрүүсү кыйын болуп калды. Элдер чогулуп, 2-3 жолу жыйналыш өткөрүшкөн. Фирмадагылар чогулуп «оңдоп беребиз»дешкен. Бирок дагы деле жыйынтык жок. Бизде иш 5-6 ай гана иш болот. Калган учурда жабык турат. Бул да жолдун айынан. Кышында өйдө-төмөн каттоо чоң көйгөйдү жаратат.

Жумуштан айлык акы убагында берилет. Айлыгы канааттандырарлык десем болот. Ташта иштеп үй курдук, үй-бүлөнү бактык бала окуттук дегендей. Бир гана айылдын көйгөйүн ойлошпойт. Ушул нерсе өкүндүрөт”.

11984290_1640016852916123_1855274825_oНазира Турдубаева мугалим:

-Иштеп жаткан адамдар үчүн фирманын иштери жакшыдыр, бирок жеке айыл үчүн карьерлердин иштери канааттандырбайт. Алар таш кесип, аны чыгарган сайын, андан чыккан чаң айылды каптайт. Ал чаң жаш балдар тургай улуу муундун ден-соолугуна абдан зыян. Ар чаң өпкөгө кирсе чыгышы абдан эле кыйын.

Дагы бир көзгө саяр айылдын көйгөйү- ичээрге суунун жоктугу. Сууну ар ким унаа менен, ат менен тээ алыс жактан алып келишет. Башында бул жакта айылдын сайынан суу чыгып турчу. Азыр андан дайын жок. Ташты иштеткен фирма сууну өзүнө буруп, аны өз заводунун кызыкчылыгы үчүн колдонуп алышкан. Азыр иштеп жаткан фирмалар таш менен байып жатышат. Ошол фирмаларды өкмөт тарап көзөмөлгө алып айылдын ортосунан суу түтүкчөсүн чыгарып берсе эл ыраазы болуп калаар эле.”

Нияз Сатыбалдыев жумуш башчысы:

-1998-жылдан бери таш менен алек болуп келем. 2000-жылдары чет өлкөлөргө барып иштеп да көрдүм. Анан ат айланып казыгын табат деп, кайра Жалпак-Ташка келип иштеп калдым. Башында Камаз алып таш ташыдым. Азыр болсо жумушчуларды кабыл алып, аларды иштетем. Чынын айканда Россиянын айлык акысы бул жакта болуп жатпайбы. Ал жакта орточо эсеп менен 30-35 миң алсан, бул жакта да ошол эле айлыкты тапсан болот. Өзүндүн жериңде,өз элиңде дегендей.

Бул жерде ар ким иштегенине жараша айлык алат 30 миңден 45 миңге чейин. Айына 300 кубтан 500кубка чейин таш чыгарабыз. Чыккан таштарды ушул жерден алып кетишет. Заводдор менен келишим бар аларга жеткирип турабыз.

Жалпак-Таштын ташындай травертинди эч жерден таппайсыз. Казып алуу оңой, баасы өтө эле кымбат эмес. Анан дагы бир жакшы жери мунун ден-соолукка пайдалуу болгондугу. Бул таш аба өткөрүп турат. Курамында йод, натрийдин хлориди бар. Ошондуктан азыр ташты бир эле имараттардын сыртына эмес, ичине да колдонуп башташты. Бул таш бууланганда йод бөлүнүп чыгат. Ал адамдын инфаркка туш болуусун алдын алат.

Ушул таштар менен Ош аэропорту, көпүрөлөр, имараттар бүтүп жатат.

11975427_1640016826249459_2013632556_oАйылчы – жүк ташуучу унаанын айдоочусу:

-Мен Оштон келип иштейм. Менден башка Чүйдөн, Таластан кыскасы ар кайсы областтан келип иштегендер бар.

Мага ташты жүктөп беришет мен аларды Куршабка, Ошко Жалал-Абадка ташып барам. Таш канчалык бул жерден алыстаган сайын ошончолук кымбаттайт. Мен бир рейсине 2000-3000 сом алам. Кыргызстанда көпчүлүк жумушсуз. Аларга ушундай жерде, адамдар ушунча айлык акы алат десем таң калышат. Бул жерде 2 маал бекер тамак да берилет. «колдо бар алтындын баркы жок»-деген туура экен. Себеби кээ бир жумушчулар бул жердин айлыгы жакпай калды Россияга барып иштеп келсемби дегендер да бар. Ал жака барса эле миллионер болуп кетчүдөй болуп.

Азыр таштын 1-катмары алынып, 2-катмарын да казып башташкан. Бир куб травертин 11 минден жогору бааланууда. Бул иштеп жаткан фирмаларды ишин жана айыл көйгөйүн жогору жактан чечип берет деп айыл тургундары үмүт артып келишет.

Майсалбек Курбаналиев

11997449_1640016876249454_1291402174_n 11880768_1640016886249453_1503203105_n 11935638_1640016862916122_1777772306_o 11975552_1640016836249458_771640321_o 11982525_1640016916249450_1469243659_o 11982616_1640016849582790_345720134_o 11986020_1640016872916121_1080987026_o 11986218_1640016869582788_555971068_o 11994024_1640016846249457_909562708_o 11995304_1640016912916117_540227201_o