Мен көргөн Ош

Мен көргөн Ош, элестетүүмдөн да өзгөчө болду десем жаңылышпайм. Анткени бул жердин абасы, суусу, ар бир ташы да башкача сезилет. Бул жердин сулуулугуна суктанып, кандай сырлар катылгандыгын ачкым келди.

Менин Ошко болгон сапарым Жалпы Республикалык Тестирлөө аркылуу ишке ашты. Абдыбек Казиевдин лидерлиги алдындагы 15 кишиден турган администраторлор командасы аэропортко конгон соң, Кара-Кулжаны көздөй бет алдык. Бактыбызга карата нөшөрлөп төккөн жамгырдан соң, аба тазарып, айлана ажарлуудай сезилди. Бак дарактар кулпунуп жашыл көйнөгүн кийип көздүн жоосун алат. Тоолорго килем төшөп койгондой жапжашыл. Айылдар алаканга салып койгондой болуп, тоонун кучагында жайгашкан. Мисалы, Кара-Кулжанын төрт тарабын тоо курчаган. Абасы таза, жайы салкын, чакан айыл десе болот. Айыл тынч ар бири өз түйшүгү менен алек. Короо жайды кароо, жер айдоо иштери дегендей. Белгиленген жерге жеткен соң жайланышып, эс алдык. Эртеси мектептеги жумуштар бүткөндөн кийинтоогочыгып, ышкындындаамынтаттык. Алыскакөзчаптырсаң, беткесокконсыдырымжелжомоктогудайсезимкалтырат.

Ошентип, ишменен эс алуунуэриш-аркакбирдейалыпжүрдүк. Бизкелгендежамгыржаап, суукболгондугунабайланыштуубаарыбызүшүгөнбүз. Ошондуктан тамашалап командабыздын атын «Үшүдүк командасы» коюп алганбыз. Кара-Суу райоундагы Ленин мектебиндеги тестке даярдык иштери бүткөн соң, жолдогу чайканалардын биринде аш күтүп отурдук. Самоорканадагы нөшөрлөгөн жаанга кошулган «Үшүдүк командасынын» кубанычына чек жок. Алдыдагы төрт күндөн кийин баарыбыз үйлөрүбүзгө таркаарыбызды билсек да жүрөгүбүздөгү жылмаюуну сөз менен бергенге калемдин күчү жетпейт. Демек, мен башында жазгандай Ош жергесиндеги сырлардын бири «достук» сыры болуп жүрбөсүн? Анткени, командабыздын иштеги ийгилиги, эс алуудагы жаркын маанайы ар кандай чиеленишкен достугунда, ынтымагында болуп жатпайбы! Мисалы, «Ош Нуру» мейманканасына келип токтогонубузда, уйкудан калып, биримдикте таңды тосконбуз. Жаңы жаркырап кирип келе жаткан 21-майдын таңын тосуп алдык. Чындыгында ошол күнкү таң мен үчүн сырдуудай сезилген. Жаңыдан чыгып келе жаткан көз уялткан күндүн нуру жалпылай шаарга, анын ичинде мага ырыскы чачкандай. Шаардын өзгөчөлүктөрүн байкадым. Көчөлөр түнү менен бирөө жууп кеткендей таптаза, аялдамалардын тегерегинен бир да таштанды көрбөйсүң. Театрдын алдында жүрөгүңдү жылыткан жыпар жыттуу гүлдөр отургузулган экен. Биз саякатыбызды күн шашкеге келип калганда Сулайман тоодо уланттык. Музейди көрдүк. Күндүн ысыгына карабастан барган туристтердин аягы үзүлбөйт экен. Баарынан кызыгы Сулайман тоонун башынан балмуздак жесе болот экен. Башында балдардын колунан көргөндө кантип балмуздактары тоого чыккыча ээриген эмес деп таңыркагам. Баса, музейдин ичи жайы кышы дебей +18градус кармалып турат экен.

Баяндоомдун Ошко болгон сапарымдагы  даярдаган фоторепортажды көрүүңуздөрдү сунуштап, Кыргызстан кичинекей өлкө болсо да, бизде керемет жерлер бар экендигин айткым келет! Ал жерлердин бири- Мен көргөн Ош!

Гулира Байзакова

IMG-20150604-WA0027 11880214_1646653095574726_242990185_n 11995534_1646653285574707_1239925272_n 20150517_094429 20150521_104027 20150521_104137 20150521_111318 IMG-20150604-WA0001 IMG-20150604-WA0022 IMG-20150604-WA0023