Шайлоо өнөктүгү старт алды

80be4682037f465347a07995d7e7544d_LОшентип көптөн күткөн шайлоо өнөктүгү да старт алды. Үгүт иштерине катуу даярданган партиялардын “мына-мына” деп турган чагы. Буга байланыштуу коомчулукка “Кайсы партияга добуш бересиз? Кайсы партия жеңишке ээ болот деп ойлойсуз? Эмне үчүн?” – деген суроолор менен кайрылып, төмөнкү жоопторду алдык.

Арзиева Замира, Боролдой айылынын тургуну:

– Мен негизи башынан эле КСДП партиясын ишенүү менен колдойм. Боло турган шайлоодо так ушул партия жеңишке ээ болот деген тилектемин. Анткени ал бүгүнкү күндө лидер партиялардын бири десем болот.

Алтынбек Кыжырданов (аты өзгөртүлдү) журналист:

– КСДП 1-орунду алат. Анткени каалайбызбы-каалабайбызбы административдик ресурс баары бир колдонулат аз болсо да. Бирок, КСДПнын шайлоодогу негизги жетишкендигине Атамбаевдин ишмердүүлүгүнүн таасири тиет. Анткени президент азыр партияда болбогону менен эл өлкө башчы менен КСДПны бөлүп карабайт. Атамбаевдин аткарган жакшы иштери Социал-демократтар үчүн упай алып келет. Бирок, эч бир партия үстөмдүк кыла албайт. КСДП, “Ата-Мекен”, “Республика-Ата-Журт” ушул 3 партия бири-бирине реалдуу атаандаштар. Булар менен бирге дагы партия өтүшү мүмкүн. Ал же “Ар-Намыс”, же “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, же “Кыргызстан” партиясы же “Бир бол”, же “Өнүгүү-Прогресс” болушу мүмкүн. Шайлоо бүткөндөн кийин митинг, жол жабууларды да күтсө болот. Эң негизгиси куралдуу кагылышуулардан КУДАЙ сактасын! Анткени кылмыштуу дүйнөсү менен байланышы бар саясатчылар аттанып жатпайбы шайлоого. Бул шайлоо абдан атаандаштыкта, курч мүнөздө өтөт.

Тимур Саралаев, жаш активист:

– Келе жаткан шайлоодо адилетсиз ыкмаларды, акчаны, административтик ресурстарды жана башка кеңири болгон мүмкүнчүлүктү колдонгон, учурдагы бийликти мыкчып кармап турган партия жеңиштин ээси болот. Бул шайлоо реалдуу шайлоо болот деген ойдон алысмын.

Елена Жаныбекова, Бишкек шаарынын тургуну:

– Мен бир да партияга өз добушумду бергим келбейт. Анткени мен алардын бирине да ишенбейм. Баардык партиялардын катарында мурдатан бери Жогорку Кеңеште иштеген депутаттар. А мен аларга болгон ишенимди жоготком. Ооба, талапкерлердин арасында жаңы жүздөр бар деп айтып жатышат. Бирок, лидерлери баягылар эле да. Эми жарандык милдет деген бар да. Ошондуктан Ө.Бабановдун партиясына добушумду берем. Дагы көрөбүз да.

Мытаев Марсан, Бишкек шаарынын тургуну:

-Мен КСДПга,  А.Атамбаевге добуш берем. А.Атамбаевдин эле турганы бизге жакшы болот. Өлкөбүздү гүлдөткөн ошол эле киши. Башкалардын ал жасаган иштерди жасоо колунан келбейт. Анткени А.Атамбаев таза адам. Мурдагы президенттердей өзүнүн тууган-уругун саясатка аралаштырган жок. Анан дагы Кыргызстанды Бажы биримдигине кошту. Биз Россиядан башка жакка ыктай албайбыз. Анткени андан башка өлкөлөр бизге Россия Федерациясындай жардам көргөзө албайт. Мен КСДПны колдойм.

Сейдахматова Сатира, Кемин өрөөнүнүн тургуну:

– Мен “Мекен ынтымагы” партиясына добуш берем. Ал жаш партия болгон соң, келечек аларда деп ойлойм. Ошол эле кезде КСДП партиясын да колдогум келет. Анткени өздөрүн көрсөтүш үчүн аларга дагы убакыт бериш керек деген позициядамын.

Султанбаева Элмира, Ысык-Көл облусунун тургуну:

– Мен азырынча бул суроону ойлонуштура элекмин. Партиялардын программалары менен толук тааныштыгым жок. Ошентсе да “Республика – Ата-Журт” партиясын колдойм го деп турам. Анткени анын лидери Ө.Бабанов жылдыздуу адам. Ага кошумча буга чейин ага жетиштүү убакыт берилген жок деп ойлойм. Келе жаткан шайлоодо жеңишке ээ болсо, карапайым элди унутта калтырбаса экен деген тилектемин.

Шайлоого 14 партия аттанды. Албетте алардын катарында кандай түптүүлөрү болсо, ошондой жаш, дымактуулары да бар. Буга чейин бир катар партияларды чуулгандуу окуялар ээрчигенине коомчулук күбө. Бул сунушталган талапкерлердин тизмесинде кылмышка шектүү жарандардын болгону, мисалы М.Мырзакматов “Ата Мекен”, Дүйшөн Сатыбалдиев “Ата-Мекен”, Дильмурат Акпаралиев КСДП. Аны менен бирге “көчмөндөрдүн” партиядан партияга секиргени, алсак Эркин Тентишев “Ар-Намыс” партиясынан “Кыргызстан” партиясына оогон жана башка. Албетте бул көрүнүштөрдүн баары шайлоочулардын шайлоого олуттуу мамиле кылуусун талап кылат. Анткени бүгүнкү тандоо – эртеңки келечек.

Жогорудагы жооптордон улам үч партия салыштырмалуу лидерлик позицияда экенин айтсак болот. Буга кошумча эл арасында “өлкөдө дестабилдүүлүк орун алып кетеби” деген чочулоолор бар экени байкалды. Ошондуктан келерки шайлоо таза, тынч өтсө, элге жана мамлекетке эле олжо болмок.

 Перизат Джаныбекова