Назгүл Жолдошова: “Жаштар Парламенти жаштардын өзүнүн гана эмес, өлкөнүн да келечегин курууга жакшы мектеп”

12802860_599816833506894_5127620401648630276_n

Учурда “Жаштар Парламенти 2016” долбоору старт алды. Проекттин автору менен аталган долбоор жана келечектеги саясий элита тууралуу маек курдук

 

 

 

 

 

Саламатсызбы Назгүл айым, учурда “Жаштар Парламенти 2016” долбоору башталганын жарыяладыңыздар. Алгач сөздү Жаштар Парламентинин жаралышынан баштасак. Качан ким тарабынан негизделген?

– 2010 жылы Турцияда болуп өткөн эл аралык жаштар конференциясына катышып калдым. Ал жерде 48 өлкөдөн келген жигердүү жаштар менен таанышып, жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмаштык. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн тажрыйбасын көрүп, Кыргызстанда да жаштар саясатын өнүктүрө турган активдүү жана прогрессивдүү жаштар көп болсо деп тилек кылгам. Ушул ойлор менен жүрүп “Жаштар парламенти” идеясы жаралды. 2011-жылы бул долбоорду даярдап көптөгөн саясатчыларга, эксперттерге кайрылгам. Ошондо Равшан Жээнбеков жана ошол кездеги 5 фракция колдоо көрсөтүп, долбоорду жактырышкан. Андан соң донорлорго кайрылып каржы маселеси да чечилген. Учурдан пайдаланып долбоорго, жаштарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн аларга ыраазычылык билдирип кетким келет.

Жаштар Парламентинин негизги маңызына токтоло кетсеңиз?

– Айтып өткөндөй эле өнүккөн өлкөлөрдө жаштарга жакшы шарттар түзүлгөн. Эң негизгиси – андай жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен биз жаштарыбызды өз ойлорун эркин билдире алган, жеке позициясы бар жана жоопкерчиликтүү жаран кылып тарбияласак болот. Башкалар муну ийгиликтүү ишке ашырып жатканын көрүп бизде да ушундай жакшы саамалыктар болсо деп тилегем. “Жаштар парламенти” аркылуу жаштарга демократия баалуулуктарын жеткирип, парламентаризмдин артыкчылыктарын көрсөтө алабыз. Бул өз кезегинде жаштарыбыз үчүн өзүнүн гана эмес өлкөбүздүн да келечегин курууга жакшы мектеп болот. Башкача айтканда жаңы жарандарды тарбиялоо десе аша чапкандык болбос. Анткени азыр ааламдашуу процесси күч алып, маданий баалуулуктар бат алмашып жаткан заманда жаштарды улуттук кызыкчылыкка ылайык тарбиялашыбыз керек. Кандайча? Кыргызстан парламенттик демократия курабыз деп жатабыз. Бул оңой эмес, бирок бирден-бир туура багыт. Демек бул жолдо кандай гана кыйынчылыктар болбосун анын баарын жеңип чыккандай болушубуз зарыл. Эки жолу эл толкуп, жолдон чыгып бараткан башчыларды алмаштырдык. Андай жагдай дагы да болсо кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан бул жолдо тынымсыз күрөш жүрүп туруш керек. Ал үчүн демократиялык баалуулуктарды терең жайылтуу абзел. “Жаштар парламентин” уюштуруп жатканыбыздын себеби ушунда. Жаштардын арасында активдүү иштөө менен жаңы жарандарды, келечектин “депутаттарын”, деги эле демократтарды тарбиялап чыгууга болот. “Жаштар парламенти” – лидерлердин мектеби. Бул жерде демократиянын баалуулуктарын билген, саясий маданияты бийик, парламентаризмди мындан ары бекемдеп кете ала турган жаңы элита өсүп чыгат. Биздин коом азыр кыйын кырдаалда жашат жатат. Дал ушу жаңы элита элибизди жаркын келечекке ээрчитип кете турган болсо дейм.

Депутаттарды кандай жолдор менен тандап аласыздар?

– Жылдагыдай эле биринчи этап билдирме, анан арасынан эң мыктыларды аңгемелешүүгө чакырабыз. Негизги критерийлердин бири мамлекеттин өнүгүшүнө өз салымын кошкусу келген активдүү жаран болушу зарыл.

-Долбоорго кимдер катыша алат?

– 18-29 жаш курагындагы жарандырыбыз катыша алат. Биз негизинен 25 жашка чейин кылсак деп ойлогонбуз. Бирок мурдагы Жаштар министирлиги менен кызуу талкуу болуп жатып 29 жашка токтогонбуз. Себеби мыйзам боюнча жаш деп 18-35 жаш эсептелет.

– Башталганына 5 жылдын жүзү болуп калыптыр. Алгачкы катышуучулар жемишин көргөзө баштадыбы?

– Ооба, “Жаштар парламентинин” түзүлүшүнө быйыл 23 июнда 5 жыл толду. Азыр “Жаштар парламентинин” балдары, кыздары саясат, экономика жана социалдык тармактарда иштеп жатышат. Максатыбыз ишке ашып жатат деп ойлойм.

“Жаштар Парламенти 2016” эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Эң биринчи баштаганда 2011-жылы саясий партиялар менен гана иштеп баштаганбыз. Азыр болсо парламент менен тыгыз байланышып, катышуучуларыбыз үчүн парламенттик комитеттерде тажрыйба топтоого шарт түзүп, жаштардын өзүлөрүнүн катышуусу менен жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыксак деген ойлор бар. 2013-жылы биздин катышуучулар Кыргызстандын 7 аймагында сурамжылоо өткөрүп, анын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Билим берүү комитети менен биргеликте “Билим берүү” мыйзамына толуктоолорду киргизишкен. Долбоорду жаңырткан сайын жаңы идея, өзгөртүүлөрдү киргизип турабыз. Себеби жашоо бир орунда турбайт. Анын үстүнө жаштардын табияты да ушундай, алар тынымсыз изденүү менен, улам жаңы нерсени багынтып туруулары абзел.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин канча жаш депутат тарбияладыңыздар?

– Долбоорду үч ирээт уюштурдук, жалпысынан 98 жаран катышты. Келечекте шайлоого катышса жеңип чыгуу үчүн атайын машыгуудан өткөн келечектин депутаттарын тарбияладык десек болот (күлүп). Мен алар менен абдан сыймыктанам. Айрымдары азыр мамлекеттик кызматтарда иштеп жатышат. Келечекте жаштар жаңы элитаны түзөт. Бул саясий гана элита эмес, экономикада же социалдык тармакта болобу, айтор жаңы замандын жаштары өсүп жатат. Биз жаштарыбызды башка идеялардын таасири алдында калтырбай, улуттук кызыкчылыктарга жараша тарбиялап, жаңы жана мыкты жарандарды калыптандырышыбыз керек.

Маектешкен Рахат Саламатова