
Таза суу – өмүр булагы
БУУнун 2000-жылкы отчетуна ылайык 2025-жылга карата Жер планетасында жашаган үч жарандын экөөсү керектүү деңгээлде суу менен камсыздалбаган аймактарда жашайт. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 29 өлкөдө 450 миллион адам суунун жетишсиздигинен жапа чегет. Таза суу менен камсыз кылуу жана санитария учурдун негизги маселелеринин бири. Фискалдуу булгануунун натыйжасында суунун сапатынын төмөндөшү ар кандай оорулардын пайда болушунун негизги себеби. […] толугу менен…Кыскарган сааттар, кыйналган мугалимдер
“Билим берүү – өнүгүүнүн борбору”, – деп Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азияга тиешелүү сайтынын биринчи барагында жазылгандай, билим деңгээлин өлкөнүн экономикасынын өсүп-өнүгүүсү менен байланыштырып келишет.Анткени билим, адам баласынын жакырчылыкты жана ар кандай теңсиздикти жеңүүсүнө жардам берип, ошону менен катар өлкөнүн экономикалык жана демократиялык потенциалын толтурууга жана коомдун ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Билим сапатын […] толугу менен…
Улакчы Нурманбет: Бул өнөр да, тагдыр да
Улуттук спорттун жүзү болгон көк бөрү кыргыз жыттанып, кымызга суусаган нагыз тоолук жигиттердин оюну. Сары-θзөн командасынын оюнчусу Нурманбет Койчукеев менен болгон маек улакчылардын мүнөзүнө, дүйнөсүнө кызыккандар үчүн. Толук аты-жөнү: Койчукеев Нурманбет Бактыбекович. Туулганжери: Чүй областы, Жайыл району, Суусамыр өрөөнү. Туулганжылы, күнү: 1988-жыл, 14-май. Билими: 1-Май орто мектебин аяктаган. Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок. -Алгач улакты кантип тартып калганыңызды айтып […] толугу менен…Жаңылыш кесип тандоонун кесепеттери
Кесип тандоо –адамдын жашоосундагы олуттуу жана маанилүү кадам. Бирок көпчүлүк жаштар кесип тандоого келгенде тобокелчиликке салышат. Акчасын, убактысын коротуп окуган адистиги менен кийин иштеп, жан багуусу күмөн экенине баам салышпагандай. Бул көрүнүш жалгыз эле бир кишинин кесип тандоодогу жаңылыштыгы эмес, коомго таасир берүүчү негизги факторлордун бири. Тобокелге салуу жакшыбы? Ар бир адам кичинекейинен ар нерсеге […] толугу менен…
Табылды Асыгалиев: Улакка баары эле жарай бербейт
Бөлүнүп ордо, чын мөөрөй Атпай турган жер бекен? Жатпай оюн Көкбөрү Тартпай турган жер бекен?-деген саптар кадимки “Манас” эпосунда айтылат. Эрендердин эр оюну – көк бөрүнүн күңгөй-тескейи, ийгилиги жана көйгөйлөрү туурасында көк бөрү мелдештерин көп жылдан бери көрүүчүлөргө баяндап келаткан Табылды Асыгалиев агабыз менен маектештик. – Алгач маекти көк бөрүнүн жаралуу тарыхынан баштасаңыз. Бул […] толугу менен…
Өспүрүмдөр эмне үчүн өз өмүрүнө кол салышат?
Акыркы жылдары өспүрүмдөрдүн өз калоолору менен жандарын кыйуусу боюнча фактылыр көп катталып, коомчулукта суроолорду жаратууда. Өспүрүмдөр арасындагы суицид азыркы замандын көйгөйлүү маселесине айланды. Расмий статистикага таянсак дүйнө жүзүндө жылына 12-17 жашка чейинки бойго жете электердин 14 пайызы өз жандарын кыйышат. Иликтенген маалыматтар боюнча Кыргызстанда 2013-жылы 127, 2014-жылы 106 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Булардын 70 […] толугу менен…
Страйкбол – эр жүрөктүүлөрдүн спорту
Эгерде сиз аскердик – спорттук оюндардын кумири болсоңуз, анда страйкбол сизге сөзсүз жагат. Оюндун жүрүшүндө адамды толгон токой сезимдер курчап, адреналин жогорку денгээлде иштелип чыгат. Буга чеийн шаар тургундары борбордун четинде ачык абада страйкбол ойноп келишсе, азыр жабык полигон менен да колдоно алышат. Бишкекте алгачкылардан болуп ачылган бул аянтча, шаардын көчөлөрүн эске салат. Түркүн толо […] толугу менен…Байлыкты кайдан издөө керек?
Билим абдан чоң байлык экенине учурда көпчүлүктүн көзү жеткен чак. Азыркы жаштардын билимге мамилеси, келечекке көз карашы кандай? Ушул соболго колумдан келишинче жооп издеп көрдүм. Эгемендиктин дээрлик чейрек кылымдык мезгилинде өлкөбүз орошон өзгөрүүлөргө учурады. Билим берүү системасын алсак,кечээки муун өкүлдөрү мойнуна алоолонгон жагоо тагынып, көпчүлүгү келечекте космонавт болууну самаган. Бүгүнкү муун өкүлдөрүндө мурдагыдай бир кылкалык, […] толугу менен…